Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 35:1—10

35  Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат+, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт+.  Ал гүлдөп+, сүйүнөт, кубанычтуу үн салат+. Ага Лебанондун даңкы, Кармел+ менен Шарондун+ көркү берилет+. Ал жерде Жахабанын даңкын+, Кудайыбыздын көркүн көргөндөр болот+.  Алсыраган колдорду, титиреген тизелерди чыңдагыла+.  Жүрөгү санаага баткандарга+: «Кайраттуу болгула+, коркпогула+. Мына, Кудайыңар өч алыш үчүн келет+, Кудай жазалаш үчүн келет+. Ал келип, силерди куткарат»+,— дегиле.  Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат+, дүлөйлөрдүн кулагы угат+.  Аксак бугудай секирет+, дудуктун тили кубанычтуу үн салат+. Анткени чөлдө суу, чөлдүү түздүктө суу агымдары оргуштайт.  Куйкаланган жер камыштуу көлмөгө, какшыган жер суу булактарына айланат+. Чөөлөрдүн турагында+, алар эс алган жерде көк чөп, камыш, папирус өсөт+.  Ал жерде чоң жол болот+, аны Ыйыктык жолу деп аташат. Ал жол менен таза эместер баспайт+, татыктуулар гана басат. Акылсыздар ал жолдо адашып жүрбөйт.  Ал жерде арстан болбойт, жырткыч жүрбөйт+. Бири да кезикпейт+, ал жакта кун менен сатылып алынгандар гана жүрөт+. 10  Жахаба куткаргандар кайтып келишет+, Сионго кубанычтуу үн салып келишет+, алардын башына түбөлүккө кубаныч конот+. Алар шаттанышат, кубанышат; кайгы менен үшкүрүк жок болот+.

Шилтемелер