Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 33:1—24

33  Таланып-тонолбогон талоончу, чыккынчылык көрбөгөн чыккынчы, сенин башыңа каран түн түшөт!+ Талап-тоноп бүтөрүң менен, өзүң да таланып-тонолосуң+. Чыккынчылык кылып бүтөрүң менен, сага да чыккынчылык кылышат+.  Оо, Жахаба, бизге ырайым кыл+. Сага үмүт артып келебиз+. Күндө эртең менен+ биздин каруу-булчуңубуз бол+, кыйын кезеңде куткаруучубуз бол+.  Сенин күркүрөгөн добушуңдан элдер качкан+. Ордуңан турганда, алар туш тарапка чачыраган+.  Силердин олжоңорду коңуздай болуп жыйнашат+, ага чегиртке тийгендей тийишет+.  Жахаба баарынан жогору турат+, анткени ал жогоруда жашайт+. Ал Сионду адилеттик менен адилдикке толтурат+.  Сенин дооруңдагы ишенимдүүлүк куткарылуунун байлыгы болот+. Акылмандык, билим+ жана Жахабадан коркуу+ — ээсинин кенчи.  Алардын баатырлары көчөдө кыйкырышат, тынчтыктын элчилери+ өксөп ыйлашат.  Чоң жолдор ээн калды+, жолдон эч ким өтпөй калды+. Душман келишимди бузду+, шаарларды жериди+, адамды баркка албай калды+.  Жер күйүт тартып, куурап калды+. Лебанон алдастап+, соолуп калды. Шарон+ чөлдүү түздүккө айланды. Башан менен Кармилдин жалбырагы күбүлдү+. 10  Жахаба мындай дейт: «Эми ордуман турам+, эми өзүмдү даңазалайм+, эми зоболомду көтөрөм+. 11  Боюңарда кургак чөп бар+, саман төрөйсүңөр. Силерди өзүңөрдүн рухуңар оттой жалмайт+. 12  Ошондо элдер өчкөн акиташтай болот, кыя чабылган тикендүү бадалдай болуп отко жагылат+. 13  Алыстагылар, менин эмне кыларымды уккула!+ Жакындагылар, кудурет-күчүмдү билгиле!+ 14  Сиондогу күнөөкөрлөрдүн үрөйү учту+. Кудайдан четтегендерди+ калтырак басты. Алар: „Кимибиз куйкалоочу оттун+ жанында жашай алабыз? Кимибиз өчпөс чоң өрттүн+ жанында жашай алабыз?“ — деп жатышат. 15  Адилдик боюнча жашаган+, чындыкты айткан+, алдамчылык менен арам оокаттан баш тарткан+, пара алуудан колун тарткан+, кан төгүү жөнүндө уккусу келбей кулагын жапкан, жаман иштерди көрбөш үчүн көзүн жумган киши+ 16  бийик жайда жашайт+. Көк тиреген аскалар ага коопсуз чеп болот+. Ага нан берилет+, суусу түгөнбөйт»+. 17  Көзүң падышанын сулуулугун көрөт+, алыскы жерди көрөт+. 18  Коркунучтуу маалды эстегенде, жүрөгүң: «Катчы кайда? Салык төлөөчү кайда?+ Мунараларды санап чыгуучу кайда?»+ — деп шыбырайт. 19  Бой көтөргөн, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн+, сөздөрү кулагыңа өөн угулган элди көрбөйсүң. 20  Сионду+, майрамдарыбыздын шаарын+, кара! Иерусалимди, тынч жерди, эч ким чечпей турган чатырды көрөсүң+. Анын казыктары эч качан суурулбайт, бир да жиби үзүлбөйт+. 21  Бирок ал жакта Улуу Кудай Жахаба+ биз үчүн дарыялары+ менен кенен арыктары бар жердей болот. Ал аркылуу бир да калактуу кеме, бир да чоң кеме өтпөйт. 22  Анткени Жахаба — биздин Сотубуз+, Жахаба — Мыйзам чыгаруучубуз+, Жахаба — Падышабыз+. Ал бизди куткарат+. 23  Сенин аркандарың бошой түшөт. Кеменин түркүктөрү тик турбайт, жел айдаган кездемеси керилбейт. Ошол кезде чоң олжо бөлүнөт, аксактарга да үлүш тиет+. 24  Ошондо тургундардын бири да: «Ооруп жатам»,— дебейт+. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет+.

Шилтемелер