Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 32:1—20

32  Мына, падыша+ адилдик менен бийлик жүргүзөт+, төрөлөр+ адилеттик менен башкарышат.  Алардын ар бири шамалдан коргой турган калканычтай+, нөшөрдөн калкалай турган жайдай, какшыган жердеги суу агымындай+, кагыраган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй болот+.  Көрүп тургандардын көзү жумулбайт, угуп тургандардын кулагы кунт коюп угат+.  Шашмалардын жүрөгү билимге умтулат+, кекечтер шар, так сүйлөйт+.  Акылсызды берешен, уяты жокту тектүү дебей калышат+.  Анткени акылсыз акылсыздыкты сүйлөйт+, анын жүрөгү кыянаттык кылып+, Кудайдан четтөөнү+, Жахабага калп айтууну ойлойт. Ал ачка жанды тамак-ашсыз+, суусаганды суусуз калтырат.  Уяты жок адамдын амалдары арам+. Ал уятсыз иштерди ойлонуштурат+, жакырдын айткандары туура болсо да, бей-бечараларды жалган сөздөрү+ менен жок кылууну көздөйт.  Ал эми берешен адам берешен болууга үндөйт, өзү да берешен бойдон калат+.  «Камырабаган аялдар, ордуңардан тургула, үнүмдү уккула!+ Бейкам жүргөн кыздар, сөздөрүмө кулак салгыла! 10  Бир жыл бир нече күн өткөндөн кийин дүрбөлөңгө түшөсүңөр+, анткени жүзүм жыйналып бүтсө да, түшүм болбойт+. 11  Калтырап-титирегиле, камырабаган аялдар! Тынчыңар кетсин, бейкам жүргөндөр! Кийимиңерди чечип, жылаңачтангыла, таар курчангыла+. 12  Сонун талаалар үчүн+, мөмөлүү жүзүм сабагы үчүн көкүрөгүңөрдү ургулап боздогула+. 13  Элимдин жерин тикенек, тикенектүү бадал басып+, шаттык өкүм сүргөн үйлөрдүн баарын, шаңдуу шаарды+ каптап кетти. 14  Мунаралуу чеп ээсиз калды+, шаардын күрү-гүүсү угулбай калды. Опел менен күзөт мунарасы ээн талаага, кылымдар бою зебралар оюн салган, мал жайылган жайытка айланды+. 15  Бизге жогорудан рух төгүлгөнгө чейин+, чөл бакчага айланганга чейин, бакча токой деп эсептелгенге чейин+ ошондой болот. 16  Ээн талаада адилеттик өкүм сүрөт, бакчада адилдик жашайт+. 17  Чыныгы адилдиктин натыйжасы бейпилдик болот+, чыныгы адилдиктин жемиши кылымдар бою тынчтык менен коопсуздук болот+. 18  Менин элим бейпил жерде, коопсуздук өкүм сүргөн турак жайларда, тынч жерлерде жашайт+. 19  Мөндүр жаап, токой кыйрап+, шаар басынтылат+. 20  Суу боюна үрөн сепкендер+, өгүзү менен эшегин бош коё бергендер бактылуу»+.

Шилтемелер