Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 3:1—26

3  Мына, чыныгы Теңир+, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Иерусалим+ менен Жүйүттү жөлөк-таягынан жана тирегинен: бүт нанынан, бүт суусунан+,  эр-азаматынан, жоокеринен, сотунан, пайгамбарынан+, төлгөчүсүнөн, аксакалынан+,  элүү башысынан+, кадырлуу кишисинен, кеңешчисинен, кыйын сыйкырчысынан, мыкты дубакеринен ажыратат+.  Мен аларга жаш балдарды төрө кылам, аларды өзүм билемдик башкарат+.  Адамдар бири-бирин, ар бири жакынын эзет+. Жаш бала карыяны+, карапайым киши кадырлуу кишини кордойт+.  Ошондо ар бири атасынын үйүндөгү бир тууганына жармашып: «Сенин чапаның бар экен. Бизге жол башчы бол+, мына бул урандылар кол алдыңда болсун»,— дейт.  Бирок ошол күнү ал: «Мен жараатыңарды таңа албайм. Үйүмдө нан да, чапан да жок. Мени элге жол башчы кылбагыла»,— деп жооп берет.  Иерусалим чалынды, Жүйүт кулады+, анткени алар тили менен да, иштери менен да Жахабага каршылык көрсөтүп+, Даңктуунун көз алдында козголоң чыгарып жатышат+.  Алардын жүзү өздөрүн ашкерелеп турат+. Алар Содомдукундай күнөөгө батканын айтып жатышат+. Анысын жашырышкан жок. Алардын башына каран түн түшөт! Анткени өздөрүнө өздөрү алаамат тилеп алышты+. 10  Адил адамдын жакшылык көрөрүн айткыла+, анткени ал өз иштеринин жемишинен жейт+. 11  Ыймансыздын башына каран түн, алаамат түшөт! Анткени ал кылган иштери үчүн тиешесин алат+. 12  Элимди бийлегендер ырайымсыздык кылып, аны аялдар башкарып жатат+. Оо, элим, сени өз жол башчыларың адаштырып+, жолдон чыгарды+. 13  Жахаба соттошуу үчүн турду, элдерге өкүм чыгаруу үчүн ордунан көтөрүлдү+. 14  Жахаба элинин аксакалдары, төрөлөрү менен соттошот+. «Силер жүзүмзарды өрттөп жибердиңер. Бей-бечарадан талап-тоноп алганыңар үйүңөрдө турат+. 15  Эмнеге элимди эзип, бей-бечараларга кордук көрсөтүп жатасыңар?» — дейт+ Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 16  Жахаба мындай дейт: «Сион кыздары бой көтөрүп, мойнун созуп, көзүн сүзүп, назданып, бутундагы жасалгаларын шылдыратып басышат+, 17  ошондуктан Жахаба Сион кыздарынын төбөсүн карттандырат+. Жахаба алардын маңдайын тасырайтат+. 18  Ошол күнү Жахаба алардын бутундагы кооз билериктерин, күн түрүндөгү, ай түрүндөгү жасалгаларын+, 19  сыргаларын, колундагы билериктерин, тор чүмбөттөрүн+, 20  баш кийимдерин+, бутундагы чынжырчаларын, көкүрөк курларын, атыр куюлган идиштерин*, тумарларын+, 21  манжаларындагы, мурдуларындагы шакектерин+, 22  кооз кийимдерин, чапандарын, жамынчыларын, капчыктарын, 23  кол күзгүлөрүн+, ички кийимдерин, чалмаларын+, чоң тор чүмбөттөрүн+ тартып алат. 24  Бальзам майынын+ ордуна сасык жыт, курдун ордуна аркан, кооз чач жасалгасынын ордуна такыр баш+, кымбат кийимдин ордуна таар*+, сулуулуктун ордуна тырык болот+. 25  Эркектериң кылычтан, эр-азаматтарың согуштан каза табат+. 26  Шаардын дарбазалары кайгырат, күйүт тартат+. Ал ээн калат, сызга отурат»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жандын үйлөрүн».
Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.