Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 27:1—13

27  Ошол күнү Жахаба+ бышык, чоң, курч кылычы+ менен лебиатанды+ — сойлогон жыланды+, лебиатанды — соймоңдогон жыланды, жазалайт, деңиздеги алп жаныбарды+ өлтүрөт.  Ошол күнү минтип ырдагыла+: «Көбүктөнгөн шарап берген жүзүмзар!+  Мен, Жахаба, аны кайтарып жатам+. Аны көз ирмем сайын сугарам+. Эч ким бүлдүрүп кетпеши үчүн, аны күндүр-түндүр кайтарам+.  Мен ачууланган жокмун+. Согуш маалында менин алдыма ким тикенектүү бадал+ менен отоо чөп таштай алат? Мен аны тебелеп кетем, баарын бирдей өрттөп жиберем+.  Андыктан ал менин чебиме корголосун, мени менен тынчтык келишимин түзсүн. Мени менен тынчтык келишимин түзсүн»+.  Келечекте Жакып тамырлайт+, Ысрайыл гүлдөп, шагын жаят. Алар жер бетин жемишке толтурат+.  Аны сокку ургандын соккусу менен жазалаш керекпи? Ал элинин өлтүрүлгөндөрүндөй өлтүрүлүшү керекпи?+  Ал жүрөк түшүрө кыйкырып, аны менен таймашат да, кууп жиберет. Чыгыш шамалы+ соккон күнү аны деминин күчтүү илеби менен айдап чыгат.  Ал ыйык мамылар+ менен жыпарзат түтөткүчтөрдү кайра тургузулбагыдай кылганда+, курмандык жайынын бардык ташын үбөлөнгөн акиташтай кылганда, Жакыптын кылмышы кечирилет+. Ал анын күнөөсүн жок кылганда+, ушунун баары анын жемиши болот. 10  Чептүү шаар элсиз, жайыт ээсиз калат, чөлгө окшоп, ээн калат+. Ошол жакта музоо жайылып, ошол жакта жатат. Ал анын шактарын жеп бүлдүрөт+. 11  Анын бутактары соолуп калганда, аялдар келип, сындырып кетишет да, отко жагышат+. Анткени бул элдин түшүнүгү тайкы+. Ошон үчүн Жаратканы ага кайрымдуулук көрсөтпөйт, Калыптоочусу ага ырайым кылбайт+. 12  Ошол күнү Жахаба шар аккан дарыядан*+ Мисирдин өрөөнүнө+ чейин мөмө күүйт+. Ошондо силер, Ысрайыл уулдары, бириңердин артыңардан бириңер чогултуласыңар+. 13  Ошол күнү чоң мүйүз сурнай тартылат да+, Ашур+ жеринде кырылгандар менен Мисир+ жерине тарап кеткендер келип, Иерусалимдеги ыйык тоодо+ Жахабага таазим кылышат+.

Шилтемелер

Евфраттан.