Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 26:1—21

26  Ошол күнү+ Жүйүт жеринде+ минтип ырдашат+: «Биздин шаар бекем+. Кудайдын куткаруусу дубалдай, коргоо дөбөсүндөй+.  Дарбазаларды ачкыла+: ишенимдүүлүгүн сактаган адил эл кирсин+.  Сен ою туруктуу адамды сактап, ага ар убак тынчтык бересиң+, анткени ал сага таянат+.  Ар дайым Жахабага таянгыла+, анткени Жах Жахаба — түбөлүк Аска+.  Ал бийиктикте жашагандарды, бийик жердеги шаарды+ кулатат+. Аны басынтат, жерге жеткире басынтат, топуракка таштайт+.  Ал бут алдында калат, аны кысымга алынгандын буту, бей-бечаралардын таманы тебелейт»+.  Адил адамдын жолу — адилеттик+. Сен адилеттүү болгондуктан, адил адамдын жолун түздөйсүң+.  Оо, Жахаба, биз адилет жолуңда жүрүп, сага үмүт артабыз+. Жаныбыз сенин ысмыңа, сени эстөөгө умтулат+.  Түнкүсүн жаным сени эңсейт+, көңүлүм сени издейт+, анткени жер жүзүндө өкүмдөрүң ишке ашканда+, жер тургундары адилдикке+ үйрөнөт+. 10  Ыймансызга ырайым кылынса да, ал адилдикке үйрөнбөйт+, чынчылдар жашаган жерде адилетсиздик кылат+, Жахабанын улуулугун көрбөйт+. 11  Оо, Жахаба, колуң бийик көтөрүлүп турса да+, алар көрбөй жатышат+. Бирок алар көрүшөт, элиң үчүн ынталуулугуңду көрсөткөндө, уятка калышат+. Аларды душмандарыңа камдалган от жалмайт+. 12  Оо, Жахаба, сен бизге тынчтык тартуулайсың+, анткени иштерибиздин баары сенин колдооң менен аткарылып жатат+. 13  Оо, Жахаба Кудайыбыз, бизге сенден башка мырзалар ээлик кылып келишти+. Биз сенин ысмыңды өзүңдүн жардамың менен гана даңктайбыз+. 14  Алар өлдү, экинчи жашабайт+. Өлгөндөр*+ ордунан турбайт+. Сен аларды жок кылыш үчүн, алардын атын биротоло өчүрүш үчүн+ назарыңды салдың. 15  Сен элди көбөйттүң. Оо, Жахаба, сен элди көбөйттүң+, өзүңдү даңазаладың+. Жердин бардык чектерин кеңейттиң+. 16  Оо, Жахаба, кыйналганда алар сага кайрылышкан+. Аларды жазалаганыңда+, шыбырап тиленишкен. 17  Оо, Жахаба, сен бизди төрөтү жакындаганда толгоо тарткан, кыйналганынан кыйкырган кош бойлуу аялдай кылдың+. 18  Биз кош бойлуу болуп, толгоо тарттык+, бирок шамал төрөдүк. Жерди чыныгы куткарууга жеткирген жокпуз+. Бул жерде жашаш үчүн эч ким төрөлгөн жок+. 19  «Сенин өлгөндөрүң кайра жашайт+. Мага таандык өлүктөр ордунан турат+. Топуракта жаткандар+, ойгонгула, кубанычтуу үн салгыла! Анткени сенин шүүдүрүмүң+ топчу баштын+ үстүндөгү шүүдүрүмдөй. Жер өлгөндөрдү* бүркөт+. 20  Бар, элим, төркү бөлмөлөрүңө кирип, артыңан эшикти жаап ал+. Каар басылгыча, бир азга жашына тур+. 21  Мына, Жахаба өз турагынан чыгып келатат. Ал жер тургундарын Өзүнө каршы кылган кылмыштары үчүн жоопко тартат+. Ошондо жер төгүлгөн канды ачыкка чыгарат+, өлтүрүлгөндөрүн экинчи жашырбайт»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Күчсүз өлүктөр».
Сөзмө-сөз: «күчсүз өлүктөрдү».