Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 25:1—12

25  Оо, Жахаба, сен менин Кудайымсың+. Мен сени даңазалайм+, ысмыңды даңктайм+, анткени сен кереметтүү иштерди кылып+, байыртан берки ой-ниеттериңди+ ишенимдүүлүк+, берилгендик+ менен аткарып келесиң.  Сен шаарды үйүлгөн ташка, чептүү шаарды урандыга айланттың. Чоочун элдин мунаралуу чеби урап калды. Ал шаар эч качан кайра курулбайт+.  Ошон үчүн күчтүү эл сени даңктайт, зулум элдердин шаары сенден коркот+.  Зулумдардын деми дубалга жаба жааган нөшөрдөй болгондо, сен бей-бечарага, кыйналган жакырга чеп+, нөшөрдөн коргогон калканыч, ысыктан коргогон көлөкө болосуң+.  Какшыган жердин ысыгын булуттун көлөкөсү+ менен баскандай, чоочундардын чуусун басасың; зулумдардын ыры токтойт+.  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба ушул тоодо+ бардык элдерге+ той өткөрүп, майлуу тамак-аш берет+. Той өткөрүп, эң жакшы шарап+, чучугу көп+, майлуу тамак, чыпкаланган шарап берет+.  Бул тоодон бардык элдерди чулгаган жамынчыны+, бардык элдердин үстүндөгү жабууну сыйрып таштайт.  Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат+, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт+. Бүт жер жүзү боюнча элин шылдыңдан арылтат+, анткени муну Жахаба айтты.  Ошол күнү: «Бул — биздин Кудай+. Биз ага үмүт артканбыз+, ал бизди сактайт+. Бул — Жахаба+. Биз ага үмүт артканбыз. Келгиле, анын куткаруусуна кубаналы, сүйүнөлү»,— дешет+. 10  Жахаба бул тоого колун коёт+. Үйүлгөн кыкка+ батыра тебеленген самандай болуп, Маап өз ордунда тебеленет+. 11  Киши чабак уруш үчүн колун шилтегендей, Кудай Маапка колун шилтеп, колунун шамдагай кыймылы менен анын бой көтөрүүчүлүгүн басат+. 12  Чептүү шаарды бекем, бийик дубалдарың менен кошо уратат. Аны басынтып, жерге кулатат, топуракка таштайт+.

Шилтемелер