Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 24:1—23

24  Мына, Жахаба жерди ээн калтырып, бүлгүнгө учуратат+. Жер бетин өзгөртүп+, калкын туш-тушка чачыратат+.  Элге эмне болсо, дин кызматчыга да ошол болот. Кулга эмне болсо, кожоюнуна да ошол болот. Күңгө эмне болсо, мырзайымына да ошол болот. Сатып алуучуга эмне болсо, сатуучуга да ошол болот. Карыз алуучуга эмне болсо, карыз берүүчүгө да ошол болот. Үстөк алуучуга эмне болсо, үстөк берүүчүгө да ошол болот+.  Жер ээн калат, таланып-тонолот+, анткени муну Жахаба айтты+.  Жер кайгырып, соолуду+. Түшүмдүү жер какшып, соолуп калды. Өлкөнүн атактуулары азайды+.  Жерди тургундары арамдады+, анткени алар мыйзамдарды тоготпой+, буйруктарды өзгөртүп+, түбөлүктүү келишимди бузушту+.  Ошон үчүн жерди каргыш жутуп+, анда жашагандар айыпка жыгылды. Ошон үчүн калкынын саны азайып, аз эле киши калды+.  Жаңы шарап кайгырып, жүзүм сабагы соолуп+, жүрөгү кубангандардын баары үшкүрүнүп калышты+.  Даптын шаңдуу добушу басылды, шаттангандардын үнү өчтү, арфанын шаңдуу добушу угулбай калды+.  Шарап ичкенде ырдабай калышты, күчтүү ичимдик аны ичкендерге ачуу даамданып калды. 10  Ээн калган шаар талкаланды+, үйлөрдүн баары эч ким кире албагыдай бекитилди. 11  Шараптын жоктугунан көчөлөрдөн ый угулуп жатат. Бүт кубаныч жоголуп, жер шаттанбай калды+. 12  Шаар аңгырап бош калды, дарбазанын таш-талканы чыкты+. 13  Зайтун дарагы күбүлгөндөн кийин+, жүзүм терилгенден кийин анча-мынча мөмөсү калгандай эле, жер ортосунда, элдер арасында да аман калгандар болот+. 14  Алар үнүн бийик чыгарып, кубанычтуу үн салышат. Жахабанын улуулугун көрүп, деңизден шаттана кыйкырышат+. 15  Ошондуктан жарык жакта*+ Жахабаны даңкташат+, деңиз аралдарында Ысрайылдын Кудайы Жахабанын ысмын даңазалашат+. 16  Бизге жердин учу-кыйырынан: «Адил Кудайга даңк!»+ — деген ырлар угулат+. Бирок мен: «Алдан тайдым+, алдан тайдым! Башыма каран түн түштү! Ишенимсиздер ишенимсиздик кылып жатышат+. Ооба, ишенимсиздер ишенимсиздик менен ишенимсиздик кылып жатышат»,— дедим+. 17  Жер тургуну, сени коркунуч, аң, тузак күтүп турат+. 18  Коркунучтуу добуштан качкан адам аңга түшөт, аңдан чыккан адам тузакка илинет+. Анткени жогорудагы суу дарбазалары ачылат+, жердин пайдубалдары солкулдайт+. 19  Жер кыйрап жатат, жер титиреп жатат, жер көчүп жатат+. 20  Жер мас кишидей теңселип, күзөтчүнүн кепесиндей ары-бери чайпалып жатат+. Үстүндөгү кылмышы оор болуп жатат+. Ал кулайт, кайра турбайт+. 21  Ошол күнү Жахаба жогорудагы аскерге, жердеги падышаларга көңүл бурат+. 22  Алар чогултулуп, туткун катары орго ташталат, зынданга камалат+. Анан көп күн өткөндөн кийин аларга көңүл бурулат+. 23  Толгон ай кызарып, жарыгын чачкан күн уялды+, анткени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Сион тоосунда+, Иерусалимде элинин карыяларынын көз алдында+ даңктуу падыша болду+.

Шилтемелер

Сыягы, чыгыштагы аймак же горизонт.