Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 23:1—18

23  Тирге чыгарылган өкүм+: Таршыштын кемелери+, боздогула! Анткени ал кыйрап, кеме токтоочу жай, кеме кирген жай болбой калды+. Аларга Киттим+ жеринен ушундай кабар айтылды.  Деңиздин жээгинде* жашагандар, унчукпагыла. Сидондун+ деңиз кезген соодагерлери сени байытышчу.  Шихордун+ уругу, Нилдин түшүмү — сенин кирешең — көп суулар аркылуу ташылып келчү. Анын пайдасын элдер көрчү+.  Оо, Сидон+, уял. Оо, деңиз чеби, бетиң кызарсын. Анткени деңиз: «Мен толгоо тартып кыйналган жокмун, төрөгөн жокмун, уул чоңойтуп, кыз өстүргөн жокмун»,— деп жатат+.  Тир жөнүндөгү кабар+ элди Мисир жөнүндөгү кабардай+ кыйнайт.  Таршышка качкыла. Деңиздин жээгинде жашагандар, боздогула.  Байыртан, тээ мурунтан шаттанып келаткан шаарыңар ушулбу? Буту аны алыска жеткирчү, ал ошол жакта келгин катары жашачу.  Таажы таратып келген, соодагерлери төрө болгон, сатуучулары жер жүзүнүн кадырлуу кишилери болгон+ Тирге каршы андай чечимди ким чыгарды?+  Анын бүт көркүн, бой көтөрүүчүлүгүн тебелеп-тепсеш үчүн+, жер жүзүнүн бардык кадырлуу кишилерин басынтыш үчүн+ ал чечимди асман аскерлеринин Кудайы Жахаба чыгарды+. 10  Таршыш+ кызы, өз өлкөңдү Нил дарыясындай арала. Кеме токтоочу жайлардын бири да калган жок+. 11  Кудай деңиз үстүнө колун сунду, падышалыктарды дүрбөлөңгө түшүрдү+. Жахаба Финикиянын чептерин талкалоону буйрук кылды+. 12  «Сидондун+ кордук көргөн кызы, сен эми эч качан шаттанбайсың+. Тур, Киттимге+ кач. Бирок ал жактан да тынчтык көрбөйсүң»,— дейт ал. 13  Мына, каздимдиктердин жери!+ Аны Ашур+ эмес, каздимдиктер чөлдүн жан-жаныбарларына берди+. Алар чабуул коюучу мунараларды тургузуп+, мунаралуу чепти бузду+, аны урандыга айлантты+. 14  Таршыш кемелери, боздогула. Анткени чебиңер кыйрады+. 15  Ошол күнү Тир жетимиш жылга+ — бир падышанын өмүрүнө барабар убакытка — унутулат. Жетимиш жыл аяктаганда Тир бул ырда ырдалган сойку аялдай болот: 16  «Унутта калган сойку+, колуңа арфа алып, шаарды кыдыр. Кыл аспап чертип, чебердик менен ойно, ырыңды көбөйт, сени эстешсин». 17  Жетимиш жылдан кийин Жахаба Тирге көңүл бурат. Тир кайрадан акы алып+, жер жүзүнүн бүт падышалыктары менен ойноштук кыла баштайт+. 18  Анын кирешеси менен алган акысы+ Жахаба үчүн ыйык болот. Аларды топтошпойт да, сакташпайт. Анткени анын акысы Жахабанын алдында жашагандарга берилет+. Ошондо алар тоюшат, жасанып кийинишет+.

Шилтемелер

Же: «Аралда».