Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 21:1—17

21  Деңиз чөлүнө* чыгарылган өкүм бул+: түштүктүн долу шамалындай болуп+, чөлдөн, коркунучтуу жерден алаамат келатат+.  Мага үрөйдү учурган мындай аян берилди+: ишенимсиз ишенимсиздик кылып жатат, талап-тоноочу талап-тоноп жатат+. Эйлам, ордуңан тур! Мадай+, курча! Мен анын айынан чыккан үшкүрүктүн баарын басам+.  Бул аяндан улам белим катуу ооруду+, төрөп жаткан аялдай кыйналдым+. Башым маң болуп, эч нерсе укпай, тынчым кетип, эч нерсе көрбөй жатам.  Жүрөгүм дүкүлдөп, мени калтырак, коркунуч басты. Күүгүмдү жакшы көрчү элем, эми андан коркуп калдым+.  Дасторкон жайышсын, отурганга орун камдашсын, ичип-жешсин!+ Төрөлөр+, тургула, калканды майлагыла+.  Жахаба мага мындай деди: «Бар да, күзөтчү кой. Ал көргөнүн айтып турсун»+.  Ошондо күзөтчү эки ат чегилген майдан арабаны, эшектер чегилген майдан арабаны, төөлөр чегилген майдан арабаны көрдү. Ал кунт коюп, дит салып карап турду.  Анан арстандай болуп минтип кыйкырды+: «Оо, Жахаба, мен күнү бою күзөт мунарасында турам, түнү бою ордумда турам+.  Тигине, эки ат чегилген майдан араба менен кишилер келатат!»+ Анан катуу үн менен: «Кулады! Бабыл кулады!+ Анын кудайларынын оюп жасалган буркандары жерде талкаланып жатат!» — деди+. 10  Оо, эгиндей бастырылган элим, кырманымдын уулу+, силерге асман аскерлеринин Кудайы Жахабадан, Ысрайылдын Кудайынан, уккандарымды айтып бердим. 11  Думага* чыгарылган өкүм бул: мага Сеирден+: «Күзөтчү, түн жөнүндө эмне дейсиң? Күзөтчү, түн жөнүндө эмне дейсиң?»+ — деп кыйкырып жатышат. 12  Күзөтчү: «Таң атып, кайра түн кирет. Сурагыңар келсе сурагыла. Дагы келгиле!» — деп жооп берди. 13  Чөлдүү түздүккө чыгарылган өкүм бул: оо, Дедандын+ кербендери, силер чөлдүү түздүктөгү токойго түнөйсүңөр. 14  Суусаганды тосуп чыгыш үчүн суу алып келгиле. Тема+ жеринин тургундары, качкынды нан менен тосуп алгыла. 15  Анткени алар кылычтардан, жалаңдаган кылычтан, ийилген жаадан, катаал согуштан качышты. 16  Жахаба мага мындай деди: «Жалданма жумушчунун жылдары боюнча санаганда+, бир жыл өтүп-өтпөй Кедар+ даңкынан ажырайт. 17  Кедардын уулдарынын жаа тарткан эр-азаматтары азаят+, анткени муну Ысрайылдын Кудайы Жахаба айтты»+.

Шилтемелер

Сыягы, байыркы Бабылдын түштүк бөлүгүнө карата айтылган. Ал жакта жыл сайын Евфрат жана Тигр дарыялары ташкындап, жээктерин суу басып калчу.
Эдомдун пайгамбарлык аты.