Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 20:1—6

20  Ашур падышасы Саргондун буйругу боюнча+ тартан*+ Азотко+ келип, Азотко каршы согушуп, аны басып алган+ жылы  Жахаба Амостун уулу Ышаяга+: «Бар да+, белиңдеги таарды+, бутуңдагы сандалды чеч»,— деди+. Ал так ошондой кылды: жылаңач, жылаңайлак жүрдү+.  Анан Жахаба мындай деди: «Кызматчым Ышая Мисир+ менен Эфиопияга каршы+ жышаан+, белги болуп, үч жыл жылаңач, жылаңайлак жүргөндөй,  Ашур падышасы да туткундалган мисирликтерди+, сүргүнгө айдалган эфиопиялыктарды, жаш-кары дебей, жылаңач, жылаңайлак алып кетет, алардын жамбашын жылаңачтайт, Мисирдин жылаңач этин көрсөтөт+.  Ошондо Эфиопияга үмүт арткандардын+, Мисирдин кооздугуна суктангандардын+ үрөйү учат, алар уятка калышат.  Ошол күнү бул өйүздүн тургуну: „Ашур падышасынын колунан куткарылыш үчүн биз ушуларга үмүт артпадык беле, жардам сурап ушуларга чуркап барбадык беле!+ Эми кантип куткарылабыз?“ — дейт».

Шилтемелер

Же: «кол башчы».