Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 19:1—25

19  Мисирге чыгарылган өкүм+: мына, Жахаба тез жылган булутка отуруп+, Мисирге келатат. Андан коркуп, Мисирдин пайдасыз кудайлары титирейт+, Мисирдин жүрөгү түшөт+.  «Мен мисирликтерди мисирликтерге каршы чыгарам. Ар бири өз бир тууганына, ар бири өз жакынына, шаар шаарга, падышалык падышалыкка каршы салгылашат+.  Мисирликтер деңдароо болот+, мен алардын ой-максатын бузам+. Ошондо алар пайдасыз кудайларга+, дуба окугандарга, өлгөндөрдү чакыргандарга, көзү ачыктарга кайрылышат+.  Мисирди катаал мырзанын колуна салып берем, аларды кубаттуу падыша башкарат»+,— дейт чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.  Деңиздин суусу соолуйт, дарыя какшып, суусуз калат+.  Дарыялар сасыйт, Мисирдеги Нил дарыясынын чоң арыктарынын суусу тартылып, какшып калат+. Камыш+ менен саз чөбү куурайт.  Нил дарыясын жээктеген, Нилдин куймасын бойлогон шалбаалар, Нил дарыясынын жээгиндеги бүт айдоолор күйүп кетет+. Ал жерде өскөндүн баарын шамал учуруп кетет, эч нерсе калбайт.  Балыкчылар ыйлайт, Нил дарыясына кайырмак салгандардын баары кайгырат, сууга тор жайгандар да алдан таят+.  Тытылган зыгыр+ буласын иштеткендер да, ак кездеме токугандар да уятка калат. 10  Мисирдин токуучулары+ аябай чүнчүйт, жалданма жумушчуларынын жаны кейийт. 11  Соан+ төрөлөрү акылсыз. Фараондун акылдуу кеңешчилеринин да кеңеши маңызсыз+. Анда кантип фараонго: «Мен акылмандардын уулумун, байыркы падышалардын уулумун»,— дейсиңер? 12  Ошол акылмандарыңар кайда?+ Алар асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын Мисирге карата чыгарган чечимин билишсе, сага айтып беришсин+. 13  Соан төрөлөрү акылсыздык кылды+, Ноп+ төрөлөрү алданды. Мисирди уруу башчылары+ адаштырышты. 14  Жахаба анын ичине маң кылуучу рух салды+. Алар Мисирди өз кусундусун тебелеген мастай кылып, бардык иштеринде адаштырышты+. 15  Мисирдин башы да, куйругу да+, чырпыгы да, камышы да эч бир иш аткара албай калат. 16  Ошол күнү Мисир аялга окшоп калат. Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба колун шилтегенде+, ал коркконунан титирейт+. 17  Жүйүт жери Мисирдин үрөйүн учурат+. Ал жер тууралуу уккандар асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын Мисирге каршы чыгарган чечиминен улам коркушат+. 18  Ошол күнү Мисир жеринде+ Канаандын тилинде+ сүйлөгөн, асман аскерлеринин Кудайы Жахабага ант берген+ беш шаар болот. Ал шаарлардын бири Кыйроо шаары деп аталат. 19  Ошол күнү Мисир жеринин ортосунда Жахабага арналган курмандык жайы+, чек арасында Жахабага арналган мамы турат. 20  Алар Мисир жеринде асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жөнүндөгү жышаан жана күбөлүк болот+. Алар эзүүчүлөрдүн айынан муң-зарын айтышканда+, Жахаба улуу куткаруучуну жиберет. Ал аларды куткарат+. 21  Ошол күнү Жахаба Мисирге таанылат+, мисирликтер Жахабаны таанып-билишет. Алар курмандык, белек алып келишет+, Жахабага ант берип, антын аткарышат+. 22  Жахаба Мисирге сокку урат+. Сокку урат да, кайра айыктырат+. Алар Жахабага кайрылып келишет+, ошондо ал алардын жалынычын угуп, аларды айыктырат+. 23  Ошол күнү Мисирден Ашурга чоң жол салынат+. Ашур Мисирге келет, Мисир Ашурга барат. Мисир Ашур менен бирге Кудайга кызмат кылат. 24  Ошол күнү Ысрайыл Мисир менен Ашурга үчүнчү өлкө болуп кошулуп+, жердин ортосундагы батага айланат+. 25  Анткени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: «Менин элим Мисирге, өз колуман бүткөн Ашурга+, өз мурасым Ысрайылга+ бата тийсин»,— деп аларга батасын берет+.

Шилтемелер