Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 17:1—14

17  Дамаскка+ чыгарылган өкүм: «Мына, Дамаск шаарлардын эсебинен чыкты, үйүлгөн урандыга айланды+.  Ароердин+ ээн калган шаарлары малга жайыт болуп калды. Ал жерлерде мал жуушайт, аларды үркүткөн эч ким болбойт+.  Эпрайымда+ чептүү шаар, Дамаскта падышалык калган жок+. Сириялыктардын аман калгандарынын даңкы Ысрайыл уулдарынын даңкындай өчөт»,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+.  «Ошол күнү Жакыптын даңкы кемийт+, ал арыктайт+.  Орокчу эгинди колу менен оруп, талаадагы эгинин жыйнаганда+, ал репаимдердин өрөөнүндө+ машак терген кишидей болот.  Зайтун дарагын күбүгөндө бутактын башында эки-үч бышкан мөмө, мөмөлүү шагында төрт-беш мөмө калгандай эле, Жакыптан да калдык калат»,— дейт Ысрайылдын Кудайы Жахаба+.  Ошол күнү адам өзүнүн Жаратканын карайт, көзү Ысрайылдын Ыйыгын+ тиктейт.  Ал курмандык жайларын+, өзүнүн колунан жаралган нерсени карабайт+, манжалары жасаган ыйык мамыларды да, жыпарзат түтөткүчтөрдү да тиктебейт+.  Ошол күнү анын чептүү шаарлары токойдогу ээн калган жердей, Ысрайыл уулдарынын айынан ташталган бутактай болот, ээн талаага айланат+. 10  Анткени сен* куткаруучу Кудайыңды+ унутуп койдуң+, чебиңдин Аскасын+ эсиңде сактаган жоксуң. Ошондуктан кооз бактарды көбөйтүп, башка бирөөнүн* чырпыктарын отургузуп жатасың. 11  Отургузгандарыңдын тегерек-четин күндүз жакшылап тосуп, сепкендериңди эртең менен өндүрсөң да, айыккыс оору менен илдетке чалдыккан күнү түшүмдөн кол жууйсуң+. 12  Мына, көптөгөн элдердин дүрбөлөңү! Алар деңиздей күркүрөп жатышат. Мына, улуттардын ызы-чуусу! Алар чоң суулардай күрүлдөп жатышат+. 13  Улуттар көп суулардай күрүлдөп жатышат+. Кудай алардын айыбын ачат+, ошондо алар алыска качып кетишет, тоодогу шамал учурган топондой, куюн учурган коко тикендей болушат+. 14  Мына, кеч киргенде күтүлбөгөн жерден коркунуч басып, алар таң ата электе жок болушат+. Бизди талап-тоногондордун үлүшү, бизди олжо кылгандардын энчиси ушундай+.

Шилтемелер

Иерусалим.
Сыягы, башка кудайдын.