Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 16:1—14

16  Селадан чөл аркылуу Сион кызынын тоосуна+, өлкөнүн башкаруучусуна кочкор берип жибергиле+.  Маап кыздары Арнон+ кечүүлөрүндө уясынан куулган канаттуудай болушат+.  «Кеңеш бер, чечимди ишке ашыр+. Чак түштө көлөкөңдү түндөй кыл+. Чачырап кеткендерди жашыр+, качып жүргөндөрдү кармап бербе+.  Оо, Маап+, менин чачырап кеткен элим сеникинде келгин катары жашасын. Талап-тоноочудан качкан аларга жашынар жай бол+. Анткени эзүүчүнүн көрөр күнү түгөндү, талап-тоноо токтоду, башкаларды тебелеп-тепсегендер жер жүзүнөн жок кылынды+.  Такты мээримдүүлүк менен бекемделет+, Дөөтүнүн чатырындагы ал тактыга падыша чындык боюнча отурат+. Ал өкүм чыгарып, акыйкаттыкка умтулат, дароо адилдик боюнча иш кылат»+.  Биз Мааптын текебер, өтө текебер экенин укканбыз+. Ал менменсинет, бой көтөрөт, каарданат+, бирок анын куру сөздөрү ишке ашпайт+.  Ошондуктан мааптыктар Маапты жоктоп ыйлашат, баары боздойт+. Башына балээ түшкөндөр Кир-Харесеттин+ жүзүм кактарын эстеп онтошот,  анткени Хешпондун+ тектирлери куурап калды. Элдердин башчылары Сибманын+ жүзүмүнүн кызгылт бутактарын сындырып салышты. Ал бутактар Жазерге+ чейин жетип, чөл кезип кеткен эле. Чырпыктары жайыла өсүп, деңизге чейин жеткен эле.  Андыктан мен Жазерди жоктоп ыйлагандай, Сибманын жүзүм сабагын жоктоп ыйлайм+. Оо, Хешпон+ менен Элале+, силерге көз жашымды төгөм, анткени жай мезгилиңерде, түшүм жыйноо маалыңарда кыйкырык-сүрөөн угулат+. 10  Бакчадан кубаныч менен шаттык жоголуп+, жүзүмзарлардан шаңдуу, кубанычтуу үн угулбай, жүзүм сыккычтан шарап чыкпай калат+. Мен кубанычтуу үндү бастым+. 11  Ошондуктан Маапты ойлоп+, ичим арфанын кылдарындай дирилдейт. Кир-Харесетти+ ойлоп, жүрөгүм сыздайт. 12  Мааптын бийик жерде+ чарчап-чаалыкканы көрүндү. Ал тиленүү үчүн ыйык жайына келди+, бирок майнап чыккан жок+. 13  Жахабанын Маап жөнүндө мурунтан айткан сөзү — ушул. 14  Азыр болсо Жахаба мындай дейт: «Жалданма жумушчунун жылдары боюнча эсептегенде+, үч жылдын ичинде ар кандай баш аламандыктардан улам Мааптын даңкы өчүп+, маскара болот. Аман калгандары абдан аз, алсыз болот»+.

Шилтемелер