Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 15:1—9

15  Маапка+ чыгарылган өкүм: Ар-Маап+ түн ичинде таланып-тонолгондуктан үнүн басты. Кир-Маап+ түн ичинде таланып-тонолгондуктан үнүн басты.  Ал ыйлаганы ибадатканага, Дибонго+, бийик жерлерге чыкты. Маап Небо+ менен Медебаны+ жоктоп боздоп жатат. Баарынын чачы, сакалы алынган+.  Көчөлөрүндө таар курчанып жүрүшөт+. Үйлөрүнүн үстүндө+, эл чогулган аянттарда баары боздоп жатышат+, ыйлап түшүп келатышат.  Хешпон менен Элаленин+ өкүрүгү Жааска+ чейин угулуп жатат. Ошондуктан Мааптын куралданган жоокерлери да өңгүрөп жатышат. Эл калтырап-титиреп жатат.  Менин жүрөгүм Маапты ойлоп өксөп жатат+. Анын качкындары Соар+ менен Эглат-Шелишиада+ да жүрүшөт. Эл Лухитке+ ыйлап чыгып, алааматтан улам Хоронайымдын жолунда боздоп баратат+.  Нимримдин суулары соолуп калды+. Көк чөп куурап, чөп да, өсүмдүк да калган жок+.  Ошон үчүн алар калган-катканын, жыйган-тергенин теректүү өзөн аркылуу ташып жатышат.  Мааптын бүткүл аймагында өкүрүк угулуп+, боздогон үн Эглайымга чейин, Беир-Элимге чейин жетип жатат.  Анткени Димондун суулары канга толду. Бирок мен Димонго дагы бир мүшкүл салам: Мааптан качып чыккандарга, ал жердин элинин калдыгына арстан жиберем+.

Шилтемелер