Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 12:1—6

12  Ошол күнү+ мындай дейсиң: «Оо, Жахаба, сага ыраазычылык билдирем, анткени мага каардансаң да, каарың басылды+, сен мени соороттуң+.  Мына, Кудай — куткаруучум+. Мен ага таянам, эч нерседен коркпойм+, анткени Жах Жахаба — күчүм+, кубатым+. Ал мени куткарып алды»+.  Силер куткарылуу булактарынан шаттык менен суу сузуп аласыңар+.  Ошол күнү мындай дейсиңер: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле+. Анын ысмын чакыргыла+. Иштерин элдер арасында жарыялагыла+. Ысмы улуу экенин жар салгыла+.  Жахабаны даңктап ырдагыла+, анткени ал теңдешсиз иштерди жасап жатат+. Бул бүт жер жүзүнө жарыяланууда.  Оо, Сион эли, үнүңдү бийик чыгарып, кубан, анткени араңардагы Ысрайылдын Ыйыгы улуу»+.

Шилтемелер