Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 11:1—16

11  Жышайдын+ дүмүрүнөн бутак өсүп чыгат+, анын тамырынан чыккан чырпык+ мөмө берет+.  Ага Жахабанын руху, акылмандык+ менен түшүнүк руху+, кеңеш менен кудурет руху+, билим+ менен Жахабадан коркуу руху+ түшөт+.  Ал Жахабадан коркуудан+ ырахат алат. Ал көзүнүн көргөнү боюнча соттобойт, кулагынын укканы боюнча ашкерелебейт+,  бей-бечараларды адилдик менен соттойт+, жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактарга болушуп, акыйкаттык менен ашкерелейт. Жерди оозунан чыккан таяк менен урат+, ыймансызды эриндеринен чыккан рух менен өлтүрөт+.  Ал адилдик менен курчанат+, ишенимдүүлүк белине кур болот+.  Карышкыр козунун жанында жашайт+, кабылан улак менен чогуу жатат. Музоо, жалдуу жаш арстан+, семиз мал — баары бирге болот+. Аларды наристе ээрчитип жүрөт.  Уй аюу менен бирге оттойт, алардын балдары чогуу жатат. Арстан да, букадай болуп, саман жейт+.  Эмчектеги бала чекир жыландын*+ ийининин үстүндө ойнойт, эмчектен чыккан бала уулуу жыландын ийинине колун салат.  Бүт ыйык тоомдо+ алар эч кандай зыян келтиришпейт+, залака тийгизишпейт. Анткени, деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот+. 10  Ошол күнү+ Жышайдын тамыры+ элдерге белги болот+. Элдер ага жетекчилик издеп кайрылышат+, анын турак жайы даңкка бөлөнөт+. 11  Ошол күнү Жахаба элинин аман калган калдыгын Ашурдан+, Мисирден+, Патростон+, Куштан+, Эйламдан+, Шынардан+, Хаматтан жана деңиз аралдарынан+ чогултуш үчүн кайрадан, экинчи ирет колун сунат+. 12  Ал элдерге белги коюп, Ысрайылдын туш-тушка чачыраган элин чогултат+, Жүйүттүн чачырап кеткен элин төгөрөктүн төрт бурчунан жыйнайт+. 13  Эпрайымдын көрө албастыгы басылат+, Жүйүткө кас болгондор кырылат. Эпрайым Жүйүткө көрө албастык кылбайт, Жүйүт болсо Эпрайымды кас санабайт+. 14  Алар батышты көздөй, пелиштиликтердин жонун көздөй шукшурулат+, Чыгыштын уулдарын биргелеше талап-тоношот+. Эдом менен Маапка кол салышат+, Амондун уулдарын баш ийдиришет+. 15  Жахаба Мисирдин деңизинин тилин* кесип таштайт+, дарыяга*+ руху алоолонуп турганда муштум көрсөтөт. Ал анын жети агымына сокку уруп, нугунан элди сандалчан өткөрөт+. 16  Ысрайыл элине Мисир жеринен чыккан күнү чоң жол салынгандай, аман калган+ калдыкка+ Ашурдан бери чоң жол салынат+.

Шилтемелер

Кобра.
Б. а. булуңун.
Евфратка.