Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 1:1—31

1  Амостун уулу Ышаянын+ Жүйүт падышалары+ Узия+, Жотам+, Ахаз+, Хискиялардын+ күндөрүндө Жүйүт менен Иерусалим тууралуу алган аяны+.  Ук, асман, кулак сал, жер+. Анткени Жахаба мындай дейт: «Мен уулдарды тарбиялап өстүрдүм+, алар болсо мага каршы чыгышты+.  Бука да ээсин билет, эшек да кожоюнунун акырын билет, ал эми Ысрайыл мени билбейт+, өз элим түшүнүк менен иш кылбайт»+.  Күнөөкөр элдин+, кылмышы оор калктын, кыянатчыл тукумдун+, бүлдүргүч уулдардын+ башына каран түн түшөт! Алар Жахабаны таштап кетишти+, Ысрайылдын Ыйыгына урмат көрсөтүшкөн жок+, артка бурулуп кетишти+.  Кайра-кайра козголоң чыгаргандар+, силерди дагы кайсы жериңерге урам?+ Бети-башыңардын тамтыгы жок, жүрөгүңөрдө дарман жок+.  Бутуңардан башыңарга чейин соо жериңер жок+. Жарааттарыңар, көк-ала болгон жерлериңер, жаңы чыккан жараларыңар тазаланган эмес, таңылган эмес, май менен жумшартылган эмес+.  Жериңер ээн калды+, шаарларыңар өрттөлдү+. Талаага эккениңерди бөтөн жерликтер+ өзүңөрдүн көзүңөрчө жеп жатышат+; бөтөн жерликтер бүлгүн салып кеткендей, баары ээн калды+.  Сион кызы+ жүзүмзардагы алачыктай, бадыраң өскөн талаадагы күзөтчүнүн кепесиндей, курчалган шаардай ташталды+.  Эгер асман аскерлеринин Кудайы Жахаба анча-мынча кишини аман калтырбаса+, биз Содомдой болуп калмакпыз, Аморго окшоп калмакпыз+. 10  Содомдун+ зулум башкаруучулары+, Жахабанын сөзүн уккула+. Амордун эли, Кудайыбыздын мыйзамына кулак сал. 11  «Көп сандаган курмандыктарыңардан мага эмне пайда? — дейт Жахаба.— Мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка+ чалынган кочкорлорго+, бордолгон малдын майына+ тойдум, букачарлардын да, козулардын да, текелердин+ да канына+ ыраазы эмесмин+. 12  Жүз алдыма келип+, короолорумду тебелөөнү силерден ким талап кылды?+ 13  Эч нерсеге жарабаган нан курмандыктарын+ алып келгениңерди токтоткула. Жыпарзат да мен үчүн жийиркеничтүү+. Силер айдын жаңырганын+, ишемби күндү белгилейсиңер+, элди жыйынга чогултасыңар+, салтанаттуу жыйын өткөрөсүңөр, ошол эле учурда сыйкырдуу күчтү колдоносуңар+; мен буга чыдап тура албайм. 14  Айдын жаңырганын белгилегениңерди, майрамдарыңарды менин жаным жек көрөт+. Алар — мен үчүн жүк+; аларды көтөрүп жүрүп чарчадым+. 15  Алакан жайганыңарда+, силерден көзүмдү жашырам+. Көп тиленсеңер да+, укпайм+. Колуңар кан төккөн+. 16  Жуунгула+, тазалангыла+, жаман иштериңерди көз алдыман жок кылгыла+, жамандык кылганыңарды токтоткула+. 17  Жакшылык кылганды үйрөнгүлө+, адилеттикти издегиле+, эзүүчүнү оңдоп-түзөгүлө+, жетимге акыйкат өкүм чыгаргыла+, жесирге болушкула»+. 18  «Келгиле, ортобуздагы мамилени оңдойлу,— дейт Жахаба+.— Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо, кардай агартылат+; кочкул кызыл кездемедей болсо, жүндөй агарат. 19  Эгер жан-дилиңер менен тил алсаңар, жердин эң жакшы жемиштеринен жейсиңер+. 20  Эгер тил албай+, козголоңчул болсоңор, кылыч мизине алынасыңар, анткени бул сөздөр Жахабанын оозунан чыкты»+. 21  Ишенимдүү шаар+ сойкуга айланды!+ Мурун анда акыйкаттык өкүм сүрүп+, адилдик жашаса+, азыр ал — киши өлтүргүчтөрдүн шаары+. 22  Сенин күмүшүң ширендиге* айланды+, буудай сыраңа* суу кошулду+. 23  Төрөлөрүң кежир, ууруларга шерик+. Баары параны жакшы көрөт+, белек алууга жутунат+. Алар жетимге акыйкат өкүм чыгарышпайт, жесирдин ишин териштиришпейт+. 24  Ошондуктан чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Ысрайылдын Кудуреттүү Кудайы+ мындай дейт: «Жетишет! Мен душмандарыман арылам+, алардан өч алам+. 25  Сага колумду сунам, сендеги ширендини шакар менен бөлүп алам, сени калдыктардан арылтам+. 26  Сага мурдагыдай кылып сотторду, баштагыдай кылып кеңешчилерди коём+. Ошондон кийин сени Адилдик шаары, Ишенимдүү калаа деп аташат+. 27  Сион адилеттик менен, анын кайтып келген эли адилдик менен+ куткарылат+. 28  Ал эми козголоңчулар менен күнөөкөрлөр бир учурда кырылат+, Жахабаны таштагандар өлүп жок болот+. 29  Силер өзүңөр эңсеген бийик дарактардан улам уят болосуңар+, өзүңөр тандап алган бакчалардан улам алдастап каласыңар+. 30  Анткени силер жалбырактары соолуп бараткан чоң дарактай+, суусу жок бакчадай болуп каласыңар. 31  Күчтүү киши кендирдей+, эмгегинин жемиши учкундай болот. Экөө бирдей жанат, ошондо ал отту эч ким өчүрбөйт»+.

Шилтемелер

Зб 119:119дун шилт-н кара.
Пиво.