Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 7:1—25

7  Ошондо Жахаба Мусага мындай деди: «Мен сени фараонго Кудай кылып дайындадым+, ал эми бир тууганың Арун сенин пайгамбарың болот+.  Сен ага мен айткандардын баарын айтасың+, ал болсо аларды фараонго айтат+. Фараон акыр-аягы Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берет+.  Мен анын жүрөгүнүн катууланышына жол берем+ жана Мисир жеринде көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөтөм+.  Бирок фараон силерди укпай коёт+. Ошондо мен Мисирге колумдун күчүн көрсөтөм да, жаза артынан жаза жиберип+, бул жерден өз элимди+, кошуундарымды+, Ысрайыл уулдарын+, алып чыгам.  Колумду Мисирге каршы көтөргөнүмдө+, мисирликтер менин Жахаба экенимди билишет, мен Ысрайыл уулдарын бул жерден алып чыгам»+.  Муса менен Арун бардыгын Жахаба айткандай кылышты+. Алар так ошондой кылышты+.  Фараон менен сүйлөшкөндө Муса сексенде, Арун болсо сексен үчтө эле+.  Жахаба Муса менен Арунга:  «Эгерде фараон силерге: „Керемет көрсөткүлө“+,— десе, сен Арунга: „Таягыңды+ алып, фараондун алдына ташта“,— деп айт. Ошондо таяк чоң жыланга айланат»,— деди+. 10  Муса менен Арун фараонго барып, бардыгын Жахаба айткандай кылышты. Арун таягын фараондун жана анын кызматчыларынын алдына таштаганда, ал чоң жыланга айланды. 11  Бирок фараон акылмандары менен көз байлоочуларын+ чакыртты. Анан мисирликтердин сыйкырчылык кылган дин кызматчылары да сыйкырдуу күчүн колдонуп ошондой кылышты+. 12  Алардын ар бири өз таягын таштаганда, алардын таяктары да чоң жыландарга айланып калды. Бирок Арундун таягы тигилердин таяктарын жутуп койду. 13  Анткен менен фараондун жүрөгү катууланып+, Жахаба айткандай, аларды укпай койду. 14  Ошондо Жахаба Мусага мындай деди: «Фараон өжөр+. Ал элди коё бербей жатат+. 15  Андыктан эртең менен фараонго бар. Ал Нил дарыясына барат+. Сен ага жолугуу үчүн дарыянын жээгинде тур+. Колуңа болсо жыланга айланган таягыңды алып ал+. 16  Анан ага мындай де: „Еврейлердин Кудайы Жахаба+ мени сага: “Менин элимди коё бер, алар чөлгө барып, мага сыйынышсын”,— деп айттырыш үчүн жиберди+. Сен болсо ушул күнгө чейин укпай жатасың. 17  Жахаба мындай дейт+: “Менин Жахаба экенимди мындан билесиң+: мен таягым менен Нил дарыясындагы сууну чапканда+, ал канга айланат+. 18  Дарыядагы балыктар кырылып+, дарыя сасыйт+. Мисирликтер жийиркенип, андан суу иче албай калышат”“»+. 19  Андан кийин Жахаба Мусага мындай деди: «Арунга: „Суулар канга айланышы үчүн, таягыңды алып, Мисир сууларынын: Мисирдеги дарыялардын, Нил дарыясынын чоң арыктарынын, камыш баскан көлмөлөрдүн+ жана суу сактагычтардын үстүнө колуңду сун“,— деп айт+. Ошондо бүт Мисир жериндеги, андагы жыгач идиштер менен таш идиштердеги суунун баары канга айланат». 20  Муса менен Арун ошол замат Жахаба айткандай кылышты+. Арун таягын көтөрүп, фараон менен анын кызматчыларынын көзүнчө+ Нил дарыясынын суусун чапты. Ошондо дарыядагы суунун баары канга айланды+. 21  Нил дарыясындагы балыктар кырылып+, дарыя сасый баштады. Мисирликтер андан суу иче албай калышты+. Мисир жериндеги суунун баары канга айланды. 22  Бирок мисирликтердин сыйкырчылык кылган дин кызматчылары да сыйкырдуу күчүн колдонуп, ошондой кылышты+. Ошондуктан фараондун жүрөгү мурдагыдай эле катууланып+, Жахаба айткандай, аларды укпай койду+. 23  Фараон бурулуп, үйүнө кетип калды. Көргөн нерселери ага эч кандай таасир эткен жок+. 24  Мисирликтердин баары ичкенге суу издеп, Нил дарыясынын тегерегин каза башташты, анткени дарыядагы суудан иче албай калышкан эле+. 25  Жахаба Нил дарыясындагы сууну канга айландыргандан кийин жети күн өттү.

Шилтемелер