Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 4:1—31

4  Ошондо Муса: «Бирок алар: „Сага Жахаба көрүнгөн жок“ — деп, мага ишенбей, айткандарыма кулак салбай коюшсачы?» — деди+.  Жахаба андан: «Колуңдагы эмне?» — деп сурады. Ал: «Таяк»+,— деп жооп берди.  Кудай: «Аны жерге ташта»,— деди. Муса таякты жерге таштаганда, ал жыланга айланып калды+. Муса андан качты.  Бирок Жахаба: «Колуңду сунуп, аны куйругунан карма»,— деди. Муса колун сунуп кармаганда, жылан анын колунда кайрадан таяк болуп калды.  Анан Кудай: «Ушуну кылсаң, алар сага ата-бабаларынын Кудайы+, Ыбрайымдын Кудайы+, Ыскактын Кудайы+, Жакыптын Кудайы+ Жахаба көрүнгөнүнө ишенишет»,— деди+.  Анан Жахаба: «Колуңду койнуңа сал»,— деди. Муса колун койнуна салып, кайра чыгарганда, колу пес оорусунан* улам кардай аппак болуп калды+.  Кудай ага: «Колуңду кайрадан койнуңа сал»,— деди. Муса колун койнуна салып, кайра чыгарганда, ал мурунку калыбына келди+.  Анан Кудай ага: «Эгер алар сага биринчи кереметтен кийин ишенбей, айткандарыңа кулак какпай коюшса, экинчисинен кийин сөзсүз ишенишет+.  Эгер ушул эки кереметтен кийин да ишенбей, айткандарыңа кулак салбай коюшса+, анда Нил дарыясынан суу алып, жерге төк. Ошондо жерге төгүлгөн суу канга айланат»,— деди+. 10  Муса болсо Жахабага: «Жахаба, мен кечээ да, андан мурунку күнү да, сен кулуңа сүйлөп баштаган учурда да сөзгө чечен эмес болчумун. Анткени мен жакшы сүйлөй албайм, сөзгө чоркокмун»,— деди+. 11  Жахаба ага: «Адамга оозду ким берген? Аны дудук же дүлөй, сокур же көзү көргүдөй кылган ким? Аны ошондой кылган мен, Жахаба, эмесминби?+ 12  Ошондуктан баргын, сүйлөп жатканыңда мен сени менен болуп, эмнени айтуу керектигин үйрөтүп турам»,— деди+. 13  Бирок Муса: «Жахаба, суранам, менин ордума өзүң каалаган башка бирөөнү жиберчи»,— деди. 14  Ошондо Жахаба ага ачуусу келип, мындай деди: «Леби уруусунан болгон Арун агаң эмеспи+. Анын жакшы сүйлөөрүн билем. Ал азыр сен жакка келатат. Сени көрүп аябай сүйүнөт+. 15  Сен ага менин сөздөрүмдү айтып, аларды оозуна салып турасың+. Мен болсо, силер сүйлөгөндө, сени менен жана аны менен болуп*+, силерге эмне кылууну үйрөтүп турам+. 16  Сенин ордуңа ал элге сүйлөп, сенин оозуң болот+. Сен болсо ага Кудайдай болосуң+. 17  Бул таякты колуңа алып ал, муну менен кереметтерди көрсөтөсүң»+. 18  Муса кайнатасы Жетрого+ келип: «Мисирдеги бир туугандарыма барып, алардын ал-жайын билип келүүгө уруксат этиңизчи»,— деди+. Ал: «Тынчтык менен бара бер»,— деди+. 19  Анан Жахаба Мидиан жеринде Мусага: «Тур, Мисир жерине кайтып бар, анткени сенин жаныңды издегендердин баары өлдү»,— деди+. 20  Ошондо Муса аялын, балдарын эшекке мингизип, Мисирге жөнөдү. Ал колуна чыныгы Кудайдын таягын алып алды+. 21  Жахаба ага мындай деди: «Мен сага кереметтерди көрсөткөнгө күч бердим. Мисирге кайтып барганыңда алардын баарын фараондун алдында көрсөт+. Мен болсо анын жүрөгүнүн катууланышына жол берип коём+. Ошондуктан ал элди коё бербейт+. 22  Сен фараонго: „Жахаба: “Ысрайыл — менин уулум, туңгучум+. 23  Андыктан сага айтарым, мага кызмат кылышы үчүн, уулумду коё бер. Эгер коё бербесең, мен сенин уулуңду, туңгучуңду, өлтүрөм”,— деп жатат“,— деп айт»+. 24  Жолдо түнөгөн жерден+ Жахаба* ага жолугуп+, аны өлтүргүсү келди+. 25  Ошондо Сипор+ учтуу оттук таш* алып, уулунун сүннөтүн кести да+, анын бут алдына таштап: «Сен менин кан күйөөмсүң»,— деди. 26  Ошондо Кудай аны коё берди. Сүннөткө отургузгандыктан Сипор: «Кан күйөө»,— деп айтты. 27  Андан кийин Жахаба Арунга: «Чөлгө барып, Мусанын алдынан чык»,— деди+. Ал жолго чыгып, чыныгы Кудайдын тоосунун+ жанынан Мусага жолугуп, аны өптү. 28  Муса Арунга өзүн жөнөткөн Жахабанын бардык сөздөрүн+ жана анын кандай кереметтерди көрсөтүүнү буйрук кылганын айтып берди+. 29  Анан экөө барып, Ысрайыл уулдарынын бүт аксакалдарын чогултушту+. 30  Арун аларга Жахабанын Мусага айткан бардык сөздөрүн айтып берди+. Муса элдин көз алдында ошол кереметтерди көрсөттү+. 31  Ошондо эл ага ишенди+. Ысрайыл уулдары Жахабанын аларга назарын салып+, алардын тарткан азабын+ көргөнүн угушканда жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылышты+.

Шилтемелер

1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «сенин оозуң менен жана анын оозу менен болом».
Айрым кол жазмаларга ылайык, «Жахабанын периштеси».
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.