Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 35:1—35

35  Муса Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатын чогултуп, мындай деди: «Жахаба буларды аткарууну буйрук кылды+:  алты күн ар кандай иштерди жасаса болот+, ал эми жетинчи күн силер үчүн ыйык болот. Ал — Жахабага арналган, толугу менен эс ала турган ишемби. Ким ал күнү иш кылса, өлүм жазасына тартылат+.  Ишемби күнү жашаган жерлериңердин биринде да от жакпагыла».  Муса Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына мындай деди: «Жахаба силерге буларды айт деди:  „Жахабага тартуу алып келгиле+. Ким чын жүрөгүнөн кааласа+, Жахабага тартуу алып келсин, тактап айтканда, алтын, күмүш, жез+,  көк жип, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүн, жогорку сапаттагы зыгыр кездеме, эчкинин жүнүн+,  кызылга боёлгон кой терисин, түлөндүн терисин, акация жыгачын,  чырак майын, жыпарзат менен ыйык май үчүн колдонулган бальзам майын+,  оникс таштарын, эфод+ менен төш жапкычка+ тагылчу таштарды алып келсин. 10  Араңардагы жөндөмдүүлөрдүн баары келип+, Жахаба айткандардын баарын жасасын. 11  Алар ыйык чатырды, анын жабууларын, илгичтери менен кашектерин, шыргыйларын, устундарын, оюгу бар таканычтарын, 12  сандык+ менен анын шыргыйларын+, капкагын+, сандыкты тосуп турган көшөгөнү+, 13  үстөл+ менен анын шыргыйларын жана ага тиешелүү башка нерселердин баарын, тартуу катары алынып келген нандарды+, 14  жарык кылып туруучу чыракпаяны+, ага тиешелүү бардык нерселерди, чырактарды, аларга куюла турган майды+, 15  жыпарзат түтөткүчтү+, анын шыргыйларын, ыйык май менен жыпарзатты+, ыйык чатырдын кире беришине тагылчу көшөгөнү, 16  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынуучу курмандык жайын+, анын жез торун, шыргыйларын жана ага тиешелүү башка нерселердин баарын, чоң казан+ менен анын түпкүчүн, 17  короонун жабууларын+, мамыларын, оюгу бар таканычтарын, короонун кире беришин тоскон жабууну, 18  ыйык чатырдын казыктарын, короонун казыктары менен жиптерин+ жасашсын, 19  ыйык жайдагы кызмат үчүн өзгөчө чебердик менен токулчу кийимди+, дин кызматчы Арун кие турган ыйык кийимди+, анын уулдары дин кызматчы болуп кызмат кылганда кие турган кийимдерди токушсун“». 20  Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Мусанын жанынан кетти. 21  Анан жүрөгү түрткү бергендердин+ баары жыйын чатырын жана андагы кызматка керектүү нерселерди жасаганда, ыйык кийимдерди токуганда керектелиши үчүн Жахабага тартуу алып келишти. 22  Чын жүрөгүнөн каалагандардын баары: эркектер да, аялдар да келип жатышты. Алар алтындан жасалган ар кандай жасалгаларды: көкүрөккө таккычтарды, сөйкөлөрдү, шакектерди, аялдар тагынган башка жасалгаларды алып келип жатышты. Алардын ар бири алтынды Жахабага чайпалтуу курмандыгы катары алып келип жатты+. 23  Кимде көк жип, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүн, жогорку сапаттагы зыгыр буласы, эчкинин жүнү, кызылга боёлгон кой териси, түлөндүн териси бар болсо, ошолорун алып келип жатышты+. 24  Күмүш, жез алып келип жаткандар аны Жахабага тартуу катары алып келип жатышты. Ошондой эле кимде акация жыгачы бар болсо, ал жыйын чатырындагы кызматка керек боло турган нерселерди жасаш үчүн акация жыгачын алып келип жатты. 25  Жөндөмдүү аялдардын баары+ көк, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүндөн, жогорку сапаттагы зыгыр буласынан өз колдору менен жип ийрип, алып келип жатышты. 26  Чын жүрөгүнөн каалаган жөндөмдүү аялдардын баары эчкинин жүнүнөн жип ийрип жатышты. 27  Эл башчылары оникс таштарын, эфод менен төш жапкычка+ тагылчу таштарды, 28  бальзам майын, чыракка куюла турган, ыйык май менен жыпарзат+ жасаш үчүн колдонула турган май алып келишти. 29  Жахаба Муса аркылуу буйруган иштерге керектөө үчүн тартуу алып келүүнү каалаган эркектер менен аялдардын баары чын жүрөгүнөн алып келип жатышты. Ысрайыл уулдары Жахабага өз ыктыяры менен тартуу алып келип жатышты+. 30  Муса Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Жахаба Жүйүт уруусундагы Хурдун небереси, Уринин уулу Безелелди+ тандады. 31  Кудай аны өзүнүн рухуна толтургандыктан, ал акылмандыкка, түшүнүккө, билимге ээ болуп, бардык ишке жөндөмдүү болду: 32  чыгармачылыгы артып, алтындан, күмүштөн, жезден буюмдарды жасаганга+, 33  алкакка салынуучу таштарды кескенге, жыгач сомдоп, андан чеберчилик менен ар кандай буюмдарды жасаганга жөндөмдүү болду+. 34  Ошондой эле Кудай ага жана Дан уруусундагы Акисамактын уулу Олиапка+ башкаларды үйрөтүү жөндөмдүүлүгүн берди. 35  Алар чебер устанын, саймачынын+, көк жиптен, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүндөн, жогорку сапаттагы зыгыр буласынан оймо-чиймелерди түшүргөн токуучунун ар кандай иштерин аткара алышы үчүн, Кудай аларга жөндөмдүүлүк берди+. Алар чыгармачылыгын колдонуп, ар кандай иштерди аткарып жатышат.

Шилтемелер