Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 34:1—35

34  Андан кийин Жахаба Мусага мындай деди: «Мурунку лоокторго окшогон эки таш лоок жаса+. Мен аларга сен талкалаган+ лооктордогу+ сөздөрдү жазып берем.  Эртең мененкиге даяр бол. Эртең менен болсо Синай тоосунун башына чыгып, менин жаныма тур+.  Сени менен кошо тоого эч ким чыкпасын. Бул тоодо эч ким көрүнбөсүн+. Анын этегинде атүгүл майда мал да, бодо мал да жайылып жүрбөшү керек»+.  Муса мурунку лоокторго окшогон эки таш лоок жасады. Анан эртең менен эрте туруп, Жахаба буйругандай, Синай тоосуна чыкты. Колуна эки таш лоокту алып алды.  Жахаба булут ичинде төмөн түшүп+, Мусанын жанына турду да, Жахаба деген ысмын жарыялады+.  Анан Жахаба Мусанын алдынан өтүп, мындай деди: «Жахаба, Жахаба — кайрымдуу+, ырайымдуу+, ачууланганга шашпаган+, мээримдүүлүгү+ менен чындыгы+ чексиз Кудай.  Ал — адамдын миңинчи тукумуна чейин мээримдүүлүк көрсөтө турган+ жана жаңылыштыкты, кылмышты, күнөөнү кечире турган+, бирок жазасыз калтырбай турган Кудай+. Ал аталарынын күнөөсү үчүн уулдары менен неберелерин, үчүнчү, төртүнчү муунуна чейин, жазалайт»+.  Муса ошол замат чөгөлөп, жерге чейин ийиле таазим кылды да+:  «Жахаба, эгер сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, анда суранам, Жахаба, биз менен бар+, анткени бул эл — тоң моюн эл+. Биздин жаңылыштыктарыбыз менен күнөөлөрүбүздү кечир+, бизди өзүңө энчи кылып ал»,— деди+. 10  Ошондо ал мындай деди: «Мен силер менен келишим түзөм: сенин бүткүл элиңдин көз алдында ажайып иштерди кылам. Андай иштер эч жерде, эч бир элде эч качан жасалган эмес+. Айланаңардагы элдердин баары Жахабанын иштерин көрөт. Силерге жасай турган иштерим коркуу сезимин туудурат+. 11  Сен болсо бүгүн мен айткандарды аткар+. Мен сенин алдыңан аморлуктарды, канаандыктарды, Хеттин тукумдарын, периздерди, хибиликтерди жана жебустуктарды кууп чыгып жатам+. 12  Сак бол, торго түшүп калбашың үчүн+ өзүң бараткан жердин тургундары менен келишим түзбө+. 13  Алардын курмандык жайларын талкалап, ыйык мамыларын кыйратып, ыйык устундарын кыйып таштагыла+. 14  Башка кудайга сыйынба+, анткени Жахаба — өзүнө толук берилгендик көрсөтүүнү талап кылган Кудай, ал — ушундай Кудай+. 15  Ал жердин тургундары өздөрүнүн кудайлары менен бузуктук кылып+, аларга курмандыктарды чалышат+, ошондуктан алар менен келишим түзгөндөн сак бол. Болбосо кимдир бирөө сени чакырып, сен да анын курмандыгынан жеп аласың+. 16  Анан алардын кыздарын уулдарыңа алып беришиң керек болот+. Алардын кыздары болсо өздөрүнүн кудайлары менен бузуктук кылып, сенин уулдарыңды да ошого азгырышат+. 17  Өзүңө куйма буркандарды жасаба+. 18  Калама майрамын белгиле+. Сага буйрук кылганымдай, абиб айынын белгиленген убагында жети күн калама же+, анткени сен Мисирден абиб айында чыккансың. 19  Тун балдарыңардын баары меники+, ошондой эле малыңардын биринчи төлүнүн бардыгы: биринчи туулган эркек музоо менен козу меники+. 20  Эшегиңердин биринчи төлүн кун төлөп сатып алгыла, кунуна кой бергиле+, эгер кун төлөп сатып ала албасаңар, анын мойнун сындыра чапкыла. Тун уулдарыңарды да кун төлөп сатып алгыла+. Эч ким менин алдыма куру кол келбесин+. 21  Алты күн иштеп, жетинчи күнү ишембиге байланышкан мыйзамды сактагыла+. Ал мыйзамды жер айдоо жана оруп-жыюу убагында да сакта+. 22  Эгиниңдин биринчи түшүмүн жыйнаганыңда жумалар майрамын*+, ал эми жылдын аягында түшүм жыйноо майрамын белгиле+. 23  Эркектериңердин баары жылына үч жолу чыныгы Теңирдин, Ысрайылдын Кудайы Жахабанын, алдына келсин+. 24  Мен сенин алдыңан элдерди кууп чыгып+, жериңди кеңейтем+. Жылына үч жолу Жахаба Кудайыңдын алдына барганыңда, эч ким сенин жериңди тартып алууну ойлобойт+. 25  Мага арнап алып келген курмандыктын канын ачыткы кошулган нерсе менен бирге чалба+. Пасах учурунда чалынган курмандык эртең мененкиге калбасын+. 26  Жериңден алган биринчи түшүмүңдүн эң жакшысын+ Жахаба Кудайыңдын үйүнө алып кел+. Улакты энесинин сүтүнө бышырба»+. 27  Жахаба Мусага: «Бул сөздөрдү жазып ал+, анткени сени менен жана Ысрайыл менен ушул сөздөрдүн негизинде келишим түзөм»,— деди+. 28  Муса нан да жебей, суу да ичпей, Жахаба менен кырк күн, кырк түн болду+. Ал* лоокторго келишимдин сөздөрүн, Он осуятты*, жазды+. 29  Синай тоосунан түшкөндө Мусанын колунда эки келишим лоогу бар эле+. Ал Кудай менен сүйлөшкөндөн кийин жүзүнөн нур чачырап турганын билген жок+. 30  Арун менен Ысрайыл уулдарынын баары Мусанын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүп, ага жакын баргандан коркушту+. 31  Ошондо Муса аларды чакырды. Арун менен бардык жамаат башчылары ага жакын келгенде, Муса алар менен сүйлөштү. 32  Андан кийин ага бүт Ысрайыл уулдары келишти. Муса аларга Жахабанын Синай тоосунда берген буйруктарын айта баштады+. 33  Алар менен сүйлөшкөндөн кийин Муса жүзүн жабуу менен жаап алчу+. 34  Ал эми Жахаба менен сүйлөшкөнү киргенде жабууну алып таштап, кайра чыкканга чейин жүзүн жапчу эмес+. Ал кайра сыртка чыкканда Кудай айт дегендердин баарын Ысрайыл уулдарына айтып берчү+. 35  Ысрайыл уулдары Мусанын жүзүнөн нур чачырап турганын көрүшчү+. Муса кайра жүзүн жаап алчу да, Кудай менен сүйлөшкөнү киргенге чейин жүзүндөгү жабууну алчу эмес+.

Шилтемелер

Же: «Элүүнчү күн майрамын». 16-нисандан баштап эсептегенде элүүнчү күн 6-сибанга туш келген. Кара: 14-тирк.
Сыягы, Жахаба. Кара: 1-аят.
Сөзмө-сөз: «Он сөздү».