Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 32:1—35

32  Мусанын көптөн бери тоодон түшпөй жатканын көрүп+, эл Арунга келип: «Бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер+, анткени бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусаңдын+ эмне болгонун билбейбиз»,— дешти.  Арун аларга: «Аялдарыңардын, уул-кыздарыңардын кулактарынан алтын сөйкөлөрүн+ чыгарып, мага алып келгиле»,— деди.  Ошондо баары кулактарынан алтын сөйкөлөрүн чыгарып, Арунга алып келе башташты.  Арун алардын колунан алтынды алып, аны кескич менен калыпка келтирип+, музоо түрүндөгү куйма буркан* жасады+. Ошондо эл: «Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан Кудайың — ушул!» — дей баштады+.  Муну көргөндө Арун музоонун алдына курмандык жайын куруп: «Эртең Жахабага арналган майрам болот»,— деп жарыялады.  Эртеси күнү алар эртең менен эрте туруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалышты. Андан кийин эл ичип-жегени отурду. Анан туруп, көңүл ача баштады+.  Ошондо Жахаба Мусага: «Ылдый түш, анткени сен Мисир жеринен алып чыккан эл бузулду+.  Мен буйрук кылган жолдон алар бат эле чыгып кетишти+. Өздөрүнө куйма музоо жасап алып: „Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан Кудайың — ушул!“+ — деп ага таазим кылып, курмандыктарды чалып жатышат»,— деди.  Жахаба Мусага: «Бул элдин тоң моюн экенин көрүп турам+. 10  Ошондуктан мени жайыма кой. Каарым кайнап, аларды жок кылам+. Ал эми сенден улуу эл чыгарам»+,— деп айтты. 11  Ошондо Муса Жахаба Кудайына мындай деп жалына* баштады+: «Жахаба, Мисир жеринен кудуреттүү күчүң, кубаттуу колуң менен алып чыккан элиңе каарданып эмне кыласың?+ 12  Мисирликтер+: „Ал аларды жаман ой менен, тоого алып барып өлтүрүп, жер бетинен жок кылыш үчүн алып чыккан турбайбы“,— деп айтышат да+. Жалындаган каарыңды басып+, элиңди аяй көр+, ага жамандык кыла көрбө. 13  Кызматчыларыңды: Ыбрайымды, Ыскакты жана Ысрайылды эстей көр. Сен аларга: „Силердин тукумуңарды асмандагы жылдыздардай көбөйтөм+. Өзүм айткан ушул жердин баарын силердин тукумуңарга берем+, алар аны түбөлүккө ээлешет“+,— деп өзүң менен ант бербедиң беле»+. 14  Ошондо Жахаба өз элинин башына мүшкүл түшүрөм дегенине кайгырды*+. 15  Муса артка кайрылып, тоодон түштү+. Колунда эки бетине тең жазылган эки келишим лоогу бар эле+. Алардын эки бетине тең жазылган болчу. 16  Ал лоокторду Кудай өзү жасап, алардын бетиндеги сөздөрдү да өзү чегип жазган эле+. 17  Жашыя элдин кыйкырып, уу-чуу болуп жатканын угуп, Мусага: «Конуштан согушкандардын үнү+ угулуп жатат»,— деди. 18  Бирок Муса: «Бул жеңгендердин ыры+ эмес, Жеңилгендердин да ыры эмес, Мага башкача ыр угулуп жатат»,— деди. 19  Муса конушка жакындап, музоону+ жана бийлеп жаткандарды көрөрү менен каары кайнап, тоонун этегине жеткенде колундагы лоокторду жерге чаап, талкалап салды+. 20  Анан алар жасаган музоону өрттөп, аны майда кылып талкалап+, сууга чачып жиберди да+, ал суудан Ысрайыл уулдарына ичирди+. 21  Андан кийин Муса Арунга: «Бул элди ушундай чоң күнөөгө батыргыдай, бул эл сага эмне кылды?» — деди. 22  Арун мындай деди: «Мырзам ачууланбаса экен. Бул элдин жамандыкка жакын экенин өзүң билесиң+. 23  Алар мага: „Бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер+, анткени бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусаңдын эмне болгонун билбейбиз“,— дешти. 24  Ошондо мен: „Кимиңердин алтыныңар бар болсо, аны чечип, мага бергиле“,— дедим. Анан аны алып отко салсам, ушул музоо чыкты». 25  Муса элдин ээ бербей калганын көрдү. Арун алардын ээ бербей калышына+, душмандарына шылдың болушуна жол берип койгон эле+. 26  Муса конуштун дарбазасынын жанына туруп: «Ким Жахаба тарапта болсо, менин жаныма келсин!» — деди+. Ошондо анын жанына Лебинин бүт уулдары чогулушту. 27  Муса аларга: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлап, конушту дарбазадан дарбазага чейин аралап чыккыла да, бир туугандарыңарды, жакындарыңарды, досторуңарды өлтүргүлө“»,— деди+. 28  Лебинин уулдары+ Муса айткандай кылышты. Ошол күнү элдин ичинен 3000дей киши өлдү. 29  Муса: «Ар бириңер өз уулуңарга, бир тууганыңарга каршы чыгып жатасыңар+, андыктан бүгүн Жахабага кызмат кылууда бекем болгула+, ошондо ал силерге бүгүн батасын берет»,— деди+. 30  Эртеси күнү Муса элге: «Силер чоң күнөөгө баттыңар+. Ошондуктан мен Жахабага барайын, ал күнөөңөрдү кечириши үчүн, балким, бир нерсе кыла алаттырмын»,— деди+. 31  Анан Жахабага барып: «Бул эл өздөрүнө алтындан кудай жасап, чоң күнөөгө батты+. 32  Буларды кечире көр+. Эгерде кечирбесең, өзүң жазган китебиңден+ мени чийип ташта»,— деди+. 33  Бирок Жахаба Мусага: «Менин алдымда ким күнөө кылса, ошону китебимден чийип таштайм+. 34  Эми барып, элди мен айткан жерге алып бар. Менин периштем сенин алдыңда барат+. Ал эми аларды жасаган күнөөсү үчүн, жазалай турган күн келгенде, жазалайм»,— деди+. 35  Жахаба элди Арунга музоо жасатканы үчүн жазалады+.

Шилтемелер

1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Сөзмө-сөз: «жүзүн жумшарта».
Же: «өкүндү».