Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 31:1—18

31  Жахаба Мусага дагы мындай деп айтты:  «Мен Жүйүт уруусундагы+ Хурдун небереси, Уринин уулу Безелелди+ тандадым.  Аны Кудайдын рухуна толтурам. Ошондо ал акылмандыкка, түшүнүккө, билимге ээ болуп, бардык ишке жөндөмдүү болот+:  чыгармачылыгы артып, алтындан, күмүштөн, жезден буюмдарды жасаганга+,  алкакка салынуучу таштарды кескенге+, жыгач сомдоп, андан ар кандай буюмдарды жасаганга жөндөмдүү болот+.  Андан сырткары, Дан уруусундагы+ Акисамактын уулу Олиапты ага жардамчы кылып дайындайм. Мен сага буйруган нерселердин баарын жасашы үчүн, жөндөмдүүлөрдүн жөндөмдүүлүгүн арттырам+.  Алар жыйын чатырын+, келишим сандыгы+ менен анын үстүндөгү капкагын+, чатырга тиешелүү бардык нерселерди,  үстөл менен ага тиешелүү бардык нерселерди+, таза алтындан жасала турган чыракпаяны жана ага тиешелүү бардык нерселерди+, жыпарзат түтөткүчтү+,  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынуучу курмандык жайын жана ага тиешелүү бардык нерселерди+, чоң казан менен анын алдына коюла турган түпкүчтү+, 10  өзгөчө чеберчилик менен токулчу кийимди, дин кызматчы Арун кие турган ыйык кийимди жана анын уулдары дин кызматчы болуп кызмат кылганда кие турган кийимдерди+, 11  ыйык майды жана ыйык жай үчүн жыпарзат жасашат+. Алар баарын мен сага буйругандай жасашат». 12  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 13  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Ишембиге байланышкан мыйзамымды сактагыла+, анткени менин силерди ыйыктаган Жахаба экенимди билишиңер үчүн+, ал мени менен силердин жана укум-тукумуңардын ортосундагы белги болот. 14  Ишембиге байланышкан мыйзамды сактагыла, анткени ал силер үчүн ыйык+. Ким ал мыйзамды бузса, өлүм жазасына тартылат+. Ал күнү иштеген адам* өз элинин арасынан жок кылынат+. 15  Алты күн ар кандай иштерди жасаса болот, ал эми жетинчи күн — ишемби, толугу менен эс ала турган күн+. Ал Жахаба үчүн ыйык. Ким ишемби күнү иш кылса, өлүм жазасына тартылсын. 16  Ысрайыл уулдары ишембиге байланышкан мыйзамды укумдан-тукумга сакташсын. Ал — түбөлүккө түзүлгөн келишим+. 17  Ишемби күн мени менен Ысрайыл уулдарынын ортосундагы түбөлүктүү белги болот+. Анткени Жахаба алты күндүн ичинде асман менен жерди жаратып, иштеринин бардыгын бүтүрүп, жетинчи күндөн тартып эс ала баштаган“»+. 18  Синай тоосунда Муса менен сүйлөшүп бүткөндөн кийин Кудай ага эки келишим лоогун берди+. Ал таш лоокторго Кудай өз колу* менен жазган болчу+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жан».
Сөзмө-сөз: «манжасы».