Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 30:1—38

30  Жыпарзат түтөтүү үчүн акация жыгачынан жыпарзат түтөткүч жаса+.  Ал төрт бурчтуу болсун: узундугу бир, туурасы бир, бийиктиги эки чыканак болсун, андан мүйүздөр чыгып турсун+.  Жыпарзат түтөткүчтү: үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, өзүн тегерете алтын менен кооздоп жээктеп кой+.  Бири-бирине карама-каршы турган эки капталына, тегерете жасалган жээгинин астына экиден алтын шакек жаса. Аларга аны көтөрүп жүрүш үчүн шыргыйлар киргизилет+.  Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, алтын менен капта+.  Жыпарзат түтөткүчтү келишим сандыгын тосуп турган көшөгөнүн жанына+, анын сыртына, келишим сандыгынын капкагынын — мен сага көрүнө турган жердин+ — тушуна кой.  Арун анын үстүндө жыпарзат түтөтсүн+. Аны күн сайын эртең менен чыракпаяны+ даярдап жатканда түтөтсүн.  Ошондой эле аны кечинде, караңгы киргенге чейин чыракпаяны күйгүзүп жатканда да түтөтсүн. Ал Жахабанын алдында дайыма укумдан-тукумга түтөтүлүп турушу керек.  Анын үстүнө мыйзамга ылайык келбеген жыпарзат түтөтпөгүлө+, ошондой эле бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты же нан курмандыгын чалбагыла жана суюк тартууну куйбагыла. 10  Жыпарзат түтөткүчтү күнөөдөн арылтыш үчүн жылына бир жолу+ Арун күнөө курмандыгынын канынан алып+, анын мүйүздөрүнө сыйпасын. Бул укумдан-тукумга сакталышы керек. Бул Жахаба үчүн абдан ыйык». 11  Андан кийин Жахаба Мусага мындай деди: 12  «Ысрайыл уулдарын санап жатканыңда+, каттоо учурунда балээге кабылбашы үчүн+ алардын ар бири өз жаны үчүн Жахабага кун төлөсүн+. 13  Каттоодон өтүп жаткандардын ар бири, ыйык жердин шекели менен эсептегенде+, жарым шекел берсин. Бир шекел жыйырма герага* барабар. Жарым шекел — Жахабага берилчү тартуу+. 14  Жыйырма жаштагылардан тартып, каттоодон өтүп жаткандардын ар бири Жахабага тартуу берсин+. 15  Өзүнүн жанын күнөөдөн арылтуу үчүн Жахабага тартуу бергенде+ байдыкы жарым шекелден көп, ал эми кедейдики жарым шекелден аз болбосун+. 16  Ысрайыл уулдары күнөөдөн арылуу үчүн алып келген күмүштү алып, аны жыйын чатырындагы кызмат үчүн бер+. Ал күмүш жаныңарды күнөөдөн арылтуу үчүн Жахабанын алдында Ысрайыл уулдарынын пайдасына эскертүү катары кызмат кылсын». 17  Андан кийин Жахаба Мусага мындай деди: 18  «Жезден чоң казан жана анын алдына коюла турган түпкүч жаса+. Анан аны жыйын чатыры менен курмандык жайынын ортосуна коюп, ичине суу куй+. 19  Арун менен уулдары андан суу алып, колу-бутун жуушсун+. 20  Өлүп калбашы үчүн алар жыйын чатырына кирерде же кызмат кылуу үчүн, Жахабага арналган өрттөлүүчү тартууну өрттөө үчүн+, курмандык жайына жакын барарда сууга жуунушсун. 21  Өлүп калбашы үчүн+ алар колу-бутун жуушсун. Бул — ал жана анын укум-тукумдары кылымдар бою аткарышы керек болгон көрсөтмө»+. 22  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 23  «Жыпар жыттуу заттардын эң жакшыларынан+: коюуланып калган миррадан*+ 500 шекел, таттуу корицадан+ андан эки эсе аз, 250 шекел, таттуу айырдан+ 250 шекел, 24  кассиядан*+, ыйык жердин шекели менен эсептегенде, 500 шекел+, зайтун майынан 1 гин* ал+. 25  Алардан майлоо үчүн ыйык май жаса. Аны жыттуу майларды жасаган киши жасасын+. Ал майлоо үчүн колдонулган ыйык май болот+. 26  Аны менен буларды майла: жыйын чатырын+, келишим сандыгын, 27  үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, чыракпаяны жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жыпарзат түтөткүчтү, 28  бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынуучу курмандык жайын жана ага тиешелүү бардык нерселерди, чоң казан менен анын түпкүчүн майла. 29  Ыйык болушу үчүн аларды ыйыкта+. Аларга тийгендердин баары ыйык болушу керек+. 30  Арун+ менен уулдарын+ майлап, аларды мага дин кызматчы болуп кызмат кылышы үчүн ыйыкта+. 31  Ысрайыл уулдарына мындай де: „Мен үчүн ал май силер укумдан-тукумга майлоо үчүн колдоно турган ыйык май болот+. 32  Аны эч кимдин денесине сыйпабагыла, курамы аныкына окшош май жасабагыла. Ал — ыйык май. Ал силер үчүн ыйык болот. 33  Ким ошондой май жасаса же аны башка бирөөгө сыйпаса, элинин арасынан жок кылынат“»+. 34  Жахаба Мусага мындай деди: «Жыпар жыттуу заттардан+: стакти чайырынан, онихтен, жыты аңкыган галбандан жана таза ладандан+ бирдей өлчөмдө ал. 35  Алардан жыпарзат+ — туз кошулган+ таза, ыйык аралашма — жаса. Аны жыттуу майларды жасаган киши жасасын. 36  Анын бир бөлүгүн майда кылып талкалап, андан бир аз алып, жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдына+, мен сага көрүнө турган жерге+, кой. Ал силер үчүн абдан ыйык болушу керек. 37  Өзүңөргө курамы ушундай жыпарзат жасабагыла+. Ал Жахабанын алдындагы ыйык нерсеңер болсун+. 38  Ким жытынан ырахат алыш үчүн ушундай жыпарзат жасаса, элинин арасынан жок кылынат»+.

Шилтемелер

Кара: 13-тирк.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
3,67 л.