Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 28:1—43

28  Мага дин кызматчы болуп кызмат кылышы үчүн+, Ысрайыл уулдарынын арасынан агаң Арун+ менен анын уулдарын: Надапты, Абыйды+, Элазарды, Итамарды+ жаныңа алып кел.  Бир тууганың Арунга даңк үчүн, кооздук үчүн ыйык кийим тиктир+.  Мен акылмандык+ бере турган жөндөмдүү кишилердин баары менен өзүң сүйлөшөсүң. Алар, Арун мага дин кызматчы болуп кызмат кылышы үчүн+, анын ыйык экенин көрсөткөн кийим токуп беришет.  Алар токуй турган нерселер булар: төш жапкыч+, эфод+, жеңи жок узун көйнөк+, чакмактуу көйнөк, чалма+, кур+. Алар, агаң Арун менен анын уулдары мага дин кызматчы болуп кызмат кылышы үчүн, аларга ыйык кийим токуп бериши керек.  Ал үчүн алтын, көк жип, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүн, жогорку сапаттагы зыгыр буласы колдонулсун.  Эфодду алтындан, көк жиптен, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган жогорку сапаттагы зыгыр буласынан токусун. Бул — саймачынын жумушу+.  Эфоддун эки бөлүгүн бириктириш үчүн эки ийнине эки чарчы жаса. Алар эфодду бириктирип турсун+.  Эфоддун сыртынан байлана турган кур да+ ошол эле нерселерден: алтындан, көк жиптен, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган жогорку сапаттагы зыгыр буласынан токулсун.  Оникс+ ташынан экини алып, алардын бетине Ысрайыл уулдарынын аттарын+ чегип жаз+. 10  Жашына жараша, алтоонун атын бир ташка, калган алтоонун атын экинчи ташка жаз+. 11  Таш чеккичтер мөөрдүн бетине чегип жазгандай эле, Ысрайыл уулдарынын аттарын ошол эки таштын бетине чегип жаз+. Анан ал таштарды алтындан жасалган эки алкакка киргизип кой+. 12  Ал эки ташты Ысрайыл уулдарына эстелик катары эфоддун ийниндеги эки чарчыга тагып кой+. Эске салып турушу үчүн Арун ал ысымдарды Жахабанын алдында эки ийнине көтөрүп жүрөт. 13  Алкактарды алтындан жаса. 14  Ошондой эле таза алтындан эки чынжырча жаса+. Аларды жип чыйраткандай чыйрат. Анан жипке окшогон ал чынжырчаларды алкактарга туташтырып кой+. 15  Сот өкүмүн билдирип турган төш жапкыч жаса+. Бул — саймачынын жумушу. Эфод сыяктуу эле, ал алтындан, көк жиптен, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган жогорку сапаттагы зыгыр буласынан жасалсын+. 16  Ал, эки кат кылып бүктөгөндө, төрт чарчы болушу керек. Узундугу да, туурасы да бир карыш* болсун+. 17  Анын бетине төрт катар кылып таштарды жайгаштыр+. Биринчи катарында рубин+, топаз+, зымырыт+, 18  экинчи катарында бирюза+, сапфир+, яшма+, 19  үчүнчү катарында лешем*, агат+, аметист+, 20  төртүнчү катарында хризолит+, оникс+, жадеит болсун. Алар алтын оюктарга салынсын+. 21  Таштардын саны Ысрайыл уулдарынын аттарына жараша он эки болуш керек+. Мөөргө чегилип жазылгандай, бир таштын бетине он эки уруунун биринин аты чегилип жазылсын+. 22  Төш жапкыч үчүн таза алтындан, жип чыйраткандай чыйратып, чынжырчаларды жаса+. 23  Алтындан эки шакекче жасап+, аларды төш жапкычтын эки бурчуна бекит. 24  Анан алтындан жасалган эки чынжырчаны төш жапкычтын бурчундагы ошол эки шакекчеден өткөз+. 25  Ал эми чынжырчалардын учун, төш жапкыч эфоддун алды жагында болгудай кылып, эки алкактан өткөзүп, эфоддун ийниндеги чарчы бөлүктөргө бекит+. 26  Эки шакекче жасап, аларды төш жапкычтын ылдый жагындагы эки бурчуна, эфодду караган бетине бекит+. 27  Дагы эки алтын шакекче жасап, эфоддун ийниндеги эки чарчынын ылдый жагына, сыртына, курдун үстүндөгү бириккен жеринин жанына, бекит+. 28  Анан төш жапкычтын шакекчелеринен көк жиптен жасалган боо өткөзүп, төш жапкыч эфоддун курунун үстү жагында жылбай турушу үчүн, аны эфоддун шакекчелерине байлап кой+. 29  Ыйык жайга киргенде Арун жүрөгүнүн тушунда жайгашкан, сот өкүмүн билдирип турган төш жапкычка жазылган Ысрайыл уулдарынын ысымдарын, эске салып турушу үчүн, дайыма Жахабанын алдында алып жүрүшү керек. 30  Сот өкүмүн билдирип турган төш жапкычка урим менен тумимди* салып кой+. Арун Жахабанын алдына киргенде, алар анын жүрөгүнүн тушунда болсун. Арун Ысрайыл уулдарына сот өкүмүн билдирип турган+ төш жапкычты дайыма Жахабанын алдында жүрөгүнүн тушуна тагып жүрүшү керек. 31  Эфоддун ичинен кийиш үчүн көк жиптен жеңи жок узун көйнөк току+. 32  Жогору жагынын орто ченине баш чыга тургандай оюк жаса, анан анын четин кыюулап кой. Бул — токуучунун жумушу. Көйнөк айрылбашы үчүн, ал оюк сооттун оюгундай болсун+. 33  Көк, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жиптерди аралаштырып, көйнөктүн этегине тегерете анарларды, алардын арасына алтын коңгуроолорду жаса+. 34  Алтын коңгуроолор менен анарлар көйнөктүн этегине алмак-салмак тегерете тагылсын+. 35  Арун ал көйнөктү кызматын аткарганда кийсин. Ал ыйык жайга, Жахабанын алдына киргенде, кайра чыкканда, коңгуроолордун шыңгыраганы угулуп турушу керек, болбосо өлүп калат+. 36  Таза алтындан жалтыраган тасма жасап, мөөргө чегип жазгандай, анын бетине: „Ыйыктык Жахабага таандык“,— деген сөздөрдү чегип жаз+. 37  Аны көк жиптен жасалган боо менен чалмага байлап кой+. Тасма чалманын маңдай жагында болушу керек. 38  Ал Арундун чекесинде болсун. Ысрайыл уулдары ыйыктай турган нерселерге, тактап айтканда, алардын бардык ыйык тартууларына байланышкан күнөөлөр үчүн Арун жооп берет+. Ысрайыл уулдары Жахабанын ырайымына ээ болушу үчүн+, тасма дайыма Арундун чекесинде болсун. 39  Жогорку сапаттагы зыгыр буласынан чакмактуу узун көйнөк, чалма+, кур+ току. Бул — токуучунун жумушу. 40  Арундун уулдарына да даңк үчүн, кооздук үчүн+ узун көйнөк+, кур, баш кийим току+. 41  Аларды бир тууганың Арунга, анын уулдарына кийгиз. Анан аларды майлап*+, бийликке ээ кылып*+, ыйыкта. Алар мага дин кызматчы болуп кызмат кылышат. 42  Жылаңач этин жабышы үчүн, аларга зыгыр буласынан тизесине чейин жеткен шым токуп бер+. 43  Күнөөлүү болуп өлүп калбашы үчүн Арун менен анын уулдары жыйын чатырына киргенде же ыйык жерде кызмат кылып жатып курмандык жайына жакындаганда аларды кийип алышы керек. Бул — анын өзү да, укум-тукуму да түбөлүккө сакташы керек болгон көрсөтмө+.

Шилтемелер

Болж. м-н 22,2 см.
Белгисиз асыл таш.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Бул сөз айкашы еврей тилинде сөзмө-сөз «колун толтуруу» дегенди билдирет жана дин кызматчы болуп кызмат кылгандарга бийликтин баарын берүү деген маанини туюнтат.