Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 25:1—40

25  Жахаба Мусага+ мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына айт, мага тартуу алып келишсин. Ар бир адамдын мага чын жүрөктөн алып келген тартуусун кабыл алгыла+.  Алардан тартуу катары ала турган нерселер булар: алтын+, күмүш+, жез+,  көк жип, кызгылт көк, ачык кызыл түстөгү жүн, жогорку сапаттагы зыгыр кездеме, эчкинин жүнү+,  кызылга боёлгон кой териси, түлөндүн* териси, акация жыгачы+,  чырак май+, жыпарзат*+ менен ыйык май*+ үчүн колдонулган бальзам майы+,  оникс таштары, эфод*+ менен төш жапкычка* тагылчу таштар+.  Алар мага арнап ыйык жай курушсун, анткени мен алардын арасында болом+.  Ыйык чатыр* менен анын бүт буюм-тайымдарын мен көрсөтө турган үлгү боюнча жасагыла+. 10  Акация жыгачынан+ узундугу эки жарым, туурасы бир жарым, бийиктиги бир жарым чыканак* болгон сандык жасашсын. 11  Аны таза алтын менен капта+. Ичи-тышын бүт каптаган соң, жогору жагын тегерете алтын менен кооздоп жээктеп кой+. 12  Ал сандык үчүн алтындан төрт шакек куюп, аларды анын төрт бутунун жогору жагына — эки шакекти сандыктын бир капталына, эки шакекти экинчи капталына — бекит+. 13  Акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен капта+. 14  Сандыкты шыргыйлар менен көтөрүп жүрүш үчүн, аларды сандыктын эки капталындагы шакектерге киргизип кой. 15  Алар ошол шакектерге киргизилип турсун, аларды чыгарбаш керек+. 16  Сандыктын ичине мен сага бере турган күбөлүктү* салып кой+. 17  Сандыктын капкагын да таза алтындан жаса. Узундугу эки жарым, туурасы бир жарым чыканак болсун+. 18  Алтындан эки керуп* жаса+. Аларды чегип жаса. Аларды капкактын эки четине: 19  бирин бир четине, экинчисин экинчи четине орнот+. Алар капкактын эки четине орнотулсун. 20  Керуптардын канаттары жогору көтөрүлүп, капкакты жаап тургудай болсун. Алар маңдай-тескей орнотулсун+, жүздөрү капкакты карап турсун. 21  Ал капкакты+ сандыктын үстүнө жаап, сандыктын ичине мен сага бере турган күбөлүктү салып кой. 22  Мен сага ошол жерден көрүнүп, капкактын үстүнөн+, келишим сандыгынын* үстүндөгү эки керуптун ортосунан, сүйлөп, сен аркылуу Ысрайыл уулдарына буйрук берип турам+. 23  Акация жыгачынан үстөл жаса+. Анын узундугу эки, туурасы бир, бийиктиги бир жарым чыканак болсун. 24  Аны таза алтын менен каптап, тегерете алтын менен кооздоп жээктеп кой+. 25  Капталдарына алакандын эниндей болгон жээк жасап, аны тегерете алтын менен кооздоп кой+. 26  Үстөл үчүн төрт шакек жасап, аларды төрт бурчуна, төрт бутунун жогору жагына бекит+. 27  Шакектерди үстөлдү айландыра жасалган жээкке жакын бекитүү керек: аларга үстөлдү көтөрүш үчүн шыргыйлар киргизилет+. 28  Акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен капта, үстөлдү ошол шыргыйлар менен көтөрүп жүрүш керек+. 29  Идиштерди, чөйчөктөрдү, суюк тартууларды куя турган кумуралар менен табактарды жаса. Аларды таза алтындан жаса+. 30  Менин алдымда үстөлдүн үстүнө тартуу катары алынып келген нандарды дайыма коюп тур+. 31  Таза алтындан чыракпая жаса. Аны чегип жаса+. Анын сөңгөгүнөн бутактар, чөйчөкчөлөр, бүчүрлөр, гүлдөр чыгып турушу керек. 32  Чыракпаянын сөңгөгүнөн алты бутак: үчөө бир жагынан, үчөө экинчи жагынан чыгып турушу керек+. 33  Бир жагындагы бутактардын ар биринде бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө, алар менен кезектешип жайгашкан бүчүрлөр менен гүлдөр болсун+. Экинчи жагындагы бутактардын ар биринде да бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө жана алар менен кезектешип жайгашкан бүчүрлөр менен гүлдөр болсун. Чыракпаянын сөңгөгүнөн чыккан алты бутактын баары тең ушундай болушу керек. 34  Ал эми сөңгөгүнүн өзүндө бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө, алар менен кезектешип жайгашкан бүчүрлөр менен гүлдөр болсун+. 35  Чыракпаянын сөңгөгүнөн чыккан биринчи эки бутактын алдында да, экинчи эки бутактын алдында да, үчүнчү эки бутактын алдында да бүчүр жайгашышы керек: алты бутактын тең алдында бүчүр болсун+. 36  Бүчүрлөр менен бутактар чыракпаянын сөңгөгүнөн чыгышы керек. Чыракпая бир бүтүн таза алтындан жасалышы керек+. 37  Ага жети чырак жаса, алар күйүп, чыракпаянын алдындагы жерди жарыктандырып турушу керек+. 38  Биликтин күйүгүн алууга колдонулчу кычкачтары, биликтин күйүгү салынчу идиштери таза алтындан болсун+. 39  Чыракпая жана ага тиешелүү нерселердин баары бир талант* таза алтындан жасалышы керек. 40  Алардын баарын сага тоодо көрсөтүлгөн үлгү боюнча жаса+.

Шилтемелер

Тюлень.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Мындай май кимдир бирөөнү кызматка дайындаганда майлоо үчүн колдонулчу.
Сыягы, кишинин алдын, артын жапкан, алжапкычка окшогон кийим.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
1 чыканак = 44,5 см.
Бул он осуят жазылган лоокторду билдирет.
Жогорку даражалуу периштелер.
Сөзмө-сөз: «күбөлүк сандыгынын». 1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Болж. м-н 34,2 кг. Кара: 13-тирк.