Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 23:1—33

23  Ушак таратпа+. Бирөөгө жамандык издеген күбө болуп, ыймансызга кошулба+.  Көпчүлүктү ээрчип жаман ишке барба+, талаш-тартышта күбө болгондо көпчүлүктү ээрчип чындыкты бурмалаба+.  Жакырдын ишин карап жатканда эки жүздүүлүк кылба+.  Душманыңдын адашып калган букасын же эшегин көрсөң, ээсине алып барып бер+.  Сени жек көргөн кишинин эшеги жүгү менен жыгылып калганын көрсөң, кетип калба. Анын ээсине жүгүн чечүүгө жардамдаш+.  Жакырдын ишин карап жатканда адилетсиз чечим чыгарба+.  Калптан алыс бол+. Күнөөсүз менен адил адамды өлтүрбө, анткени мен мындай жаман ишке барган кишини актабайм+.  Пара алба, анткени пара акылдуулук менен өкүм чыгаргандардын да ниетин бузуп, адил адамдарды чечимин өзгөрткөнгө түртөт+.  Келгинге кысым көрсөтпө+, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгондуктан, келгин болгон кандай экенин билесиңер+. 10  Жериңди алты жыл иштетип, түшүмүн ал+. 11  Ал эми жетинчи жылы аны айдаба, иштетпе+. Андан өсүп чыкканды элиңдин арасындагы жакырлар жесин, алардан калганын талаа жаныбарлары жесин+. Жүзүмзарың менен зайтун дарактарыңды да ушундай кыл. 12  Алты күн иштеп+, жетинчи күнү эч кандай жумуш кылба. Ошондо өгүзүң менен эшегиң эс алып, күңүңдүн уулу менен келгин күч топтоп алат+. 13  Мен айткандын баарын аткаргыла+, башка кудайлардын ысмын чакырбагыла. Аларды оозго да албагыла+. 14  Жылына үч жолу мага арнап майрам өткөр+. 15  Калама майрамын белгиле+. Сага буйрук кылганымдай, абиб айынын белгиленген убагында+ жети күн калама же+, анткени сен Мисирден ошол убакта чыккансың. Эч ким менин алдыма куру кол келбесин+. 16  Андан сырткары, талааңа сээп, өз эмгегиң менен өстүргөн+ нерселериңдин биринчи түшүмүн+ жыйнаганыңда да майрам өткөр. Ошондой эле мээнет кылып өстүргөндөрүңдүн баарын жылдын аягында талааңдан жыйнаганыңда да түшүм жыйноо майрамын өткөр+. 17  Эркектериңердин баары жылына үч жолу чыныгы Теңирдин, Жахабанын, алдына келсин+. 18  Мага арнап алып келген курмандыктын канын ачыткы кошулган нерсе менен бирге курмандыкка чалба. Мага арналган майрам учурунда курмандыкка чалынган май эртең мененкиге калбасын+. 19  Жериңден алган биринчи түшүмүңдүн эң жакшысын Жахаба Кудайыңдын үйүнө алып кел+. Улакты энесинин сүтүнө бышырба+. 20  Сени коргоп, мен даярдап койгон жерге алып барышы үчүн+, алдыңда жүрө турган периштени+ жиберип жатам. 21  Анын алдында өзүңдү кандай алып жүргөнүңө көңүл бур, ага баш ий. Ага каршы чыкпа, анткени ал силердин кылмыштарыңарды кечирбейт+, ал менин атымдан иш кылат. 22  Эгер ага толугу менен баш ийип, мен айткандын баарын аткарсаң+, мен сенин душмандарыңа душман болуп, сени кысымга алгандарды кысымга алам+. 23  Менин периштем сенин алдыңа түшүп, сени аморлуктарга, Хеттин тукумдарына, периздерге, канаандыктарга, хибиликтерге, жебустуктарга алып барат. Мен аларды кырып жок кылам+. 24  Алардын кудайларына таазим кылба, аларга кызмат кылба. Алардын сөлөкөттөрүнө окшогон бир да нерсе жасаба+, тескерисинче, аларды талкалап, ыйык мамыларын кыйрат+. 25  Жахаба Кудайыңарга кызмат кылгыла+, ошондо ал силерге нан менен сууну мол берет+. Мен сени оору-сыркоолордон алыс кылам+. 26  Сенин жериңде боюнан түшкөндөр же төрөбөгөндөр болбойт+. Өмүрүңдү узун кылам+. 27  Сени көргөнгө чейин эле+, элдер мен жөнүндө угуп, титирешет. Жолуңдан кезиге турган элдердин баарын дүрбөлөңгө түшүрөм, сен душмандарыңдын баарын кубалайсың+. 28  Сенден мурун коркунуч жиберем+, ал сенин алдыңан хибиликтерди, канаандыктарды, Хеттин тукумдарын кууп чыгат+. 29  Жер ээн калып, жапайы жаныбарлар көбөйүп, сага зыян келтирбеши үчүн, аларды бир жылдын ичинде кууп чыгарбайм+. 30  Укум-тукумуң көбөйүп, ал жерди ээлемейинче+, аларды сенин жаныңан акырындык менен кууп чыгам. 31  Сенин чек араңды Кызыл деңизден пелиштиликтердин деңизине чейин, чөлдөн дарыяга* чейин жеткирем+, анткени ал жердин тургундарын колуңа салып берем, сен аларды кууп чыгасың+. 32  Алар менен да, алардын кудайлары менен да келишим түзбө+. 33  Сени мага каршы күнөө кылууга түртпөшү үчүн, алар сенин жериңде жашабашы керек. Эгер алардын кудайларына кызмат кылсаң, торго түшөсүң»+.

Шилтемелер

Евфратка.