Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 20:1—26

20  Андан кийин Кудай мындай деди+:  «Мен Жахабамын, сени Мисирден, сен кул болуп жүргөн жерден+, алып чыккан Кудайыңмын+.  Менден башка кудайларың болбосун+.  Жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги же жер бетиндеги суудагы нерселердин сөлөкөттөрүн же түспөлүн* жасаба+.  Аларга табынба да, кызмат кылба+, анткени мен Жахаба Кудайыңмын, толук берилгендикти талап кылган Кудаймын+. Мени жек көргөндөрдүн күнөөсү үчүн алардын уулдарын үчүнчү, төртүнчү муунуна чейин жазалайм+.  Ал эми мени сүйгөндөрдүн, осуяттарымды сактагандардын+ миңдеген муундарына чейин мээримдүүлүк көрсөтөм.  Жахаба Кудайыңдын ысмын жөнү жок* колдоно бербе+, анткени Жахаба анын ысмын жөнү жок колдоно бергендерди жазасыз калтырбайт+.  Ишемби күндү ыйык тутууну эсиңден чыгарба+.  Ошондуктан алты күн иштеп, ар кандай иштериңди кыл+. 10  Ал эми жетинчи күн — Жахаба Кудайыңа арналган ишемби+. Өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, малың да, шаарыңдагы келгин да эч кандай иш кылбасын+. 11  Анткени Жахаба алты күндүн ичинде асман менен жерди, деңизди жана алардагынын баарын жаратып бүтүп+, жетинчи күнү эс ала баштаган+. Ошондуктан Жахаба ишемби күнгө батасын берип, аны ыйыктаган+. 12  Жахаба Кудайың сага бере турган жерде өмүрүң узун болушу үчүн+, ата-энеңди сыйла+. 13  Киши өлтүрбө+. 14  Ойноштук кылба+. 15  Уурдаба+. 16  Жакыныңа каршы күбөгө өтүп, жалаа жаппа+. 17  Жакыныңдын үйүнө көз артпа. Анын аялына+, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине, ага таандык бир да нерсеге көз артпа»+. 18  Бүт эл күндүн күркүрөгөнүн, мүйүз сурнайдын үнүн угуп, чагылгандын чартылдаганын, тоонун түтөгөнүн көрдү. Ушулардын баарын угуп-көргөндө алар титиреп, алыста турушту+. 19  Алар Мусага: «Биз менен сен сүйлөш, сени угабыз. Биз менен Кудай сүйлөшпөсүн, болбосо өлүп калабыз»,— дешти+. 20  Ошондо Муса: «Коркпогула, анткени чыныгы Кудай силерди сынаш үчүн+, ошондой эле дайыма андан коркуп, күнөө кылбашыңар үчүн түшүп келди»,— деди+. 21  Эл дагы эле алыста турду. Муса болсо чыныгы Кудай турган жерге, кара булутка, жакын барды+. 22  Жахаба Мусага мындай деди+: «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Силерге асмандан сүйлөгөнүмө өзүңөр күбө болдуңар+. 23  Менден бөлөк кудайларыңар болбошу үчүн, күмүштөн же алтындан кудайларды жасабагыла+. 24  Мага топурактан+ курмандык жайын куруп, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын*, майда малың менен бодо малыңдан алып келген курмандыктарды чал+. Менин ысмымды эстетип турган жердин баарында ушундай кыл, ошондо келип, сага батамды берем+. 25  Эгер курмандык жайын таштан кура турган болсоң, аны жылмаланган таштардан курба. Анткени аны кескич менен жылмаласаң, арам болуп калат+. 26  Жылаңач этиң* көрүнүп калбашы үчүн, курмандык жайына тепкич жасаба“.

Шилтемелер

Жыгачтан, таштан, металлдан же чоподон.
Же: «жалган нерсеге байланыштырып».
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Же: «Жыныстык мүчөлөрүң».