Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 19:1—25

19  Мисир жеринен чыккандан кийин үчүнчү айда+, ошол күнү* Ысрайыл уулдары Синай чөлүнө+ келишти.  Алар Репидимден чыгып+, Синай чөлүнө келишти да+, ошол жердеги тоонун бет маңдайына чатырларын тигишти+.  Муса чыныгы Кудайга, тоого чыкты+. Ал жерден Жахаба ага мындай деди: «Жакыптын үйүнө, Ысрайыл уулдарына мындай деп айт:  „Силерди бүркүт сыяктуу канатыма көтөрүп+, өзүмө алып келиш үчүн мисирликтерди эмне кылганымды билесиңер+.  Эгерде мага толугу менен баш ийип+, келишимимди сактасаңар+, башка элдердин арасынан силер менин өзгөчө элим болосуңар+, анткени бүт жер жүзү меники+.  Силер мага таандык дин кызматчылардын падышалыгы, ыйык эл болосуңар“+. Ысрайыл уулдарына ушуларды айт».  Муса келип, эл аксакалдарын чогултуп+, Жахаба айт деп буйрук кылган сөздөрдүн баарын айтып берди+.  Ошондо бүт эл бир добуштан: «Жахаба айткандын баарын аткарабыз»,— дешти+. Муса элдин эмне деп айтканын ошол замат Жахабага айтты+.  Жахаба Мусага: «Мен сени менен сүйлөшкөндө+, эл угушу үчүн жана дайыма сага ишенип жүрүшү үчүн+, сага кара булуттун ичинде келем»,— деди+. Муса элдин эмне деп айтканын Жахабага айтты. 10  Жахаба Мусага мындай деди: «Элге барып, аларды бүгүн, эртең ыйыкта, кийимдерин жуушсун+. 11  Алар үчүнчү күнгө даяр болуп турушу керек, анткени үчүнчү күнү Жахаба баарынын көзүнчө Синай тоосуна түшүп келет+. 12  Тоону айланта чек коюп, элге мындай деп айт: „Сак болгула! Тоого чыкпагыла, анын этегине жакындабагыла. Ага жакындаган ар бир киши өлтүрүлөт+. 13  Ал кишиге эч ким колун тийгизбесин, аны таш бараңга алып же сайып өлтүрүш керек. Айбан болобу, адам болобу, тирүү калбашы керек“+. Кочкордун мүйүзүнөн жасалган сурнайдын үнүн укканда+ алар тоого жакындашсын». 14  Андан кийин Муса тоодон түшүп келип, элди ыйыктады. Алар кийимдерин жуушту+. 15  Ошондой эле элге: «Үчүнчү күнгө даяр болуп тургула+. Эркектер, аялдарыңарга жакындабагыла»,— деди+. 16  Үчүнчү күнү эртең менен күн күркүрөп, чагылган чартылдай баштады+. Тоонун башында калың булут пайда болуп+, сурнай үнү катуу жаңырды+. Ошондо конуштагы элдин баарын коркунуч басты+. 17  Муса элди чыныгы Кудай менен жолуктуруу үчүн конуштан алып чыкты. Алар тоонун этегинде турушту+. 18  Жахаба от ичинде Синай тоосуна түшүп келгендиктен+, ал тоо бүт бойдон түтөп жатты+. Андан мештин түтүнүндөй болгон түтүн чыгып жатты+. Тоо катуу солкулдап турду+. 19  Сурнайдын үнү барган сайын катуулай берди. Ошондо Муса сүйлөй баштады, чыныгы Кудай болсо ага катуу үн менен жооп берип жатты+. 20  Ошентип, Жахаба Синай тоосунун чокусуна түшүп келди. Анан Жахаба ал жакка Мусаны чакырды. Ал тоонун чокусуна чыкты+. 21  Жахаба ага: «Ылдый түшүп, элге эскерт, алар Жахабага жакындап, аны көрүүгө аракет кылышпасын, болбосо көптөрү өлүп калат+. 22  Жахабага жакындаган дин кызматчылар да, Жахаба аларга каарданбашы үчүн+, ыйыкталышсын»,— деп айтты+. 23  Муса Жахабага: «Эл Синай тоосуна чыга албайт, анткени сен өзүң бизге: „Тоону айланта чек коюп, аны ыйыкта“,— деп эскерткенсиң»,— деди+. 24  Жахаба ага: «Ылдый түшүп бар, анан кайра бул жакка Арун менен чык. Дин кызматчылар менен эл болсо, Жахаба аларга каарданбашы үчүн+, ага барабыз деп умтулбасын»,— деп айтты. 25  Муса тоодон түшүп, элге ушулардын баарын айтты+.

Шилтемелер

Кыязы, Репидимден чыккан күнү.