Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 17:1—16

17  Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Син чөлүнөн+ чыгып, Жахаба буйругандай+, бир жерден экинчи жерге көчүп-конуп отуруп, Репидимге+ келип, чатырларын тигишти. Бирок ал жерде ичкенге суу жок эле.  Ошондо эл Мусаны урушуп+: «Бизге ичкенге суу бер»,— дешти. Муса аларга: «Мени эмнеге урушуп жатасыңар? Эмнеге Жахабаны сынап жатасыңар?» — деди+.  Бирок эл аябай суусап, Мусага: «Бизди Мисирден эмнеге алып чыктың? Балдарыбыз, малыбыз менен кошо сууга чаңкатып өлтүрүш үчүнбү?» — деп наалышты+.  Акыры, Муса Жахабага кайрылып: «Бул элди эмне кылам? Мени таш бараңга алганы калышты»,— деди+.  Ошондо Жахаба Мусага: «Элдин алдынан өт+, өзүң менен кошо Ысрайыл аксакалдарынын бир нечесин, Нил дарыясын чапкан таягыңды алып ал+. Аны колуңа кармап бас.  Мен сенин алдыңда Хорептеги аскада турам. Сен асканы чапканда, суу чыгат. Анан эл ал суудан ичет»,— деди+. Муса Ысрайыл аксакалдарынын көзүнчө ошондой кылды.  Муса ал жерди Маса*+ жана Мериба*+ деп атады, анткени Ысрайыл уулдары ошол жерде Мусаны урушушту, алар: «Арабызда Жахаба барбы же жокпу?»+ — деп Жахабаны сынашты+.  Амалыктын тукумдары+ Репидимге келип, ысрайылдыктар менен согушушту+.  Муса Жашыяга+: «Элдин арасынан киши тандап+, Амалыктын тукумдары менен согуш. Эртең мен чыныгы Кудайдын таягын колума алып, дөбөнүн башына барып турам»,— деди+. 10  Жашыя Муса айткандай кылып+, Амалыктын тукумдарына каршы чыкты. Муса, Арун, Хур+ болсо дөбөнүн башына чыгышты. 11  Муса колдорун көтөргөндө, ысрайылдыктар жеңип жатты+, ал эми түшүргөндө, Амалыктын тукумдары жеңип жатты. 12  Мусанын колдору талып кеткенде, астына таш коюп беришти. Ал анын үстүнө отурду. Арун менен Хур болсо, бири бир жагына, экинчиси экинчи жагына туруп, анын колдорун көтөрүп турушту. Мусанын колдору күн батканча көтөрүлүп турду. 13  Ошентип, Жашыя Амалыктын тукумдарын, алар менен келгендерди кылычтап өлтүрдү+. 14  Жахаба Мусага: «Эскерип туруу үчүн муну китепке жазып кой да+, Жашыяга: „Амалыктын тукумдарын акыр-аягы жер бетинен* жок кылам. Алар эч качан эскерилбейт“,— деп айт»,— деди+. 15  Муса курмандык жайын куруп, аны Жахаба-Ниси* деп атады. 16  Анткени ал: «Жахтын+ тагына каршы чыгышкандыктан+, Жахаба Амалыктын тукумдары менен укумдан-тукумга согушат»,— деди+.

Шилтемелер

Мааниси: «сыноо, текшерүү».
Мааниси: «чыр-чатак, талаш, келишпестик».
Сөзмө-сөз: «асман астынан».
Кыязы, «Жахаба — менин белгим» дегенди билдирет.