Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 15:1—27

15  Ошондо Муса менен Ысрайыл уулдары Жахабаны даңктап мындай деп ырдашты+: «Жахабага ырдаймын, анткени ал даңкка бөлөндү+. Атчанды аты менен кошо деңизге чөктүрдү+.  Жах*+ — менин күч-кубатым, анткени ал мени куткарды+. Ал — менин Кудайым, аны даңктайм+. Ал — атамдын Кудайы+, аны даңазалайм+.  Жахаба — күчтүү жоокер+. Жахаба — анын ысмы+.  Ал фараондун майдан арабалары менен аскерлерин деңизге ыргытып+, Тандамал жоокерлерин Кызыл деңизге чөктүрдү+.  Ээ-жаа бербеген толкундар аларды басып калды+, алар суунун түбүнө таш чөккөндөй чөгүштү+.  Оо, Жахаба, сенин оң колуң аябай күчтүү+, Оо, Жахаба, сенин оң колуң душманды кыйрата алат+.  Чексиз улуу болгондуктан сен өзүңө каршы чыккандарды кулата аласың+, Жалындаган каарың аларды саманды жалмагандай жалмап кетет+.  Танооңдон+ чыккан демиңен суулар көтөрүлдү, Алар тосмодой болуп туруп калды. Ээ-жаа бербеген суулар деңиздин ортосунда* катып калды.  Душман: „Артынан сая түшүп+, кууп жетем!+ Олжомду бөлүштүрөм+, жаным жыргалга батат! Кылычымды кынынан сууруп, аларды өз колум менен талкалайм!“ — деди+. 10  Сен демиң менен үйлөгөндө+, деңиз аларды басып калды+, Алар чоң сууга коргошун чөккөндөй чөгүп кетишти+. 11  Оо, Жахаба, кудайлардын арасында сендей ким бар?+ Сендей ыйык ким бар?+ Сенден коркуп+, сени даңкташыбыз керек+, сен керемет жасоочусуң+. 12  Оң колуңду сунганда+, жер аларды жутуп кетти+. 13  Сен куткарып алган элиңди мээримдүүлүгүң менен жетектеп баратасың+, Аларды өзүңдүн күчүң менен ыйык жайыңа алып барасың+. 14  Элдер угуп+, дүрбөлөңгө түшүшөт+, Пелиштинин тургундары толгоо тарткандай кыйналат+. 15  Ошол убакта Эдомдун бүт шайыктарынын үрөйлөрү учат, Мааптын күчтүү башкаруучуларын калтырак басат+. Канаандын бардык тургундарынын көңүлү чөгөт+. 16  Алар коркуп, жүрөктөрү түшөт+. Оо, Жахаба, сенин элиң+ өтүп кетмейинче, Сен жараткан эл+ өтмөйүнчө+, Алар улуулугуңдан улам таштай катып калышат. 17  Оо, Жахаба, сен элиңди алып барып, өзүңө таандык тоого жайгаштырасың*+, Оо, Жахаба, аларды өзүңө турак жай кылган жерге+, Өз колуң менен тургузган ыйык жайга+ алып барасың. 18  Жахаба кылымдан кылымга, түбөлүккө падышалык кылат+. 19  Фараондун аттары+ менен майдан арабалары, атчан аскерлери деңизге киргенде+, Жахаба деңиз сууларын ордуна келтирип, аларды каптатты+, Ысрайыл уулдары болсо деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишти»+. 20  Арундун эжеси+ пайгамбар аял Мириям колуна дап алды+. Ага кошулуп бардык аялдар дап кагып, бийлеп киришти+. 21  Анан Мириям аларга жооп кылып+: «Жахабага ырдагыла+, анткени ал даңкка бөлөндү+. Атчанды аты менен кошо деңизге чөктүрдү»,— деп ырдады+. 22  Андан кийин Муса ысрайыл элин Кызыл деңиздин жанынан Шур чөлүнө+ алып барды. Алар чөлдө үч күн жүрүштү, бирок суу таппай коюшту+. 23  Бир нече убактан кийин Марага+ келишти, бирок ал жердин суусун иче албай коюшту, анткени ал ачуу эле. Ошондуктан ал ошол жерди Мара*+ деп атады. 24  Ошондо эл Мусага: «Эмне ичебиз?» — деп наалып кирди+. 25  Муса Жахабага жардам сурап кайрылганда+, Жахаба ага бир кичине даракты көрсөттү. Муса аны сууга таштаганда, суу ачуу болбой калды+. Ошол жерде Кудай аларга көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды берип, ошол жерде алардын жүрөктөрүн сынады+. 26  Ал: «Эгер Жахаба Кудайыңды кунт коюп уксаң, ал туура деп эсептеген иштерди жасасаң, анын осуяттарына кулак каксаң жана бардык буйруктарын аткарсаң+, сага мисирликтерге жиберген оорулардын бирин да жибербейм+, анткени мен Жахабамын, сенин айыктыруучуңмун»,— деди+. 27  Андан кийин алар Элимге келишти. Ал жерде он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле+. Анан алар суунун боюна чатырларын тигишти.

Шилтемелер

«Жахаба» деген ысымдын кыскартылган түрүнүн биринчи жолу кезигиши. Кара: 2-тирк.
Сөзмө-сөз: «жүрөгүндө».
Сөзмө-сөз: «отургузасың» (өсүмдүктөй кылып).
Мааниси: «ачуу».