Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 13:1—22

13  Жахаба Мусага:  «Ысрайыл уулдарынын ар бир тун уулун*, малынын биринчи төлүн ыйыкта. Алар меники»,— деди+.  Муса элге мындай деди: «Мисирден, силер кул болуп жүргөн жерден*, чыккан ушул күндү эскергиле+, анткени Жахаба силерди бул жактан өзүнүн күчтүү колу менен алып чыкты+. Ачыткы кошулган эч нерсе жебегиле+.  Силер бул жерден бүгүн, абиб* айында+ чыгып жатасыңар.  Жахаба силерди канаандыктардын, Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын, хибиликтердин, жебустуктардын+ жерине, силерге берем деп ата-бабаларыңарга убада кылган+, сүт менен бал аккан жерге+, алып барганда, ушул айда мындай кылгыла:  жети күн калама жегиле+, жетинчи күн — Жахабага арналган майрам+.  Жети күн калама жегиле+. Силерде ачыткы кошулган эч нерсе болбошу керек+. Силердин жериңерде ачыткы болбошу керек+.  Ошол күнү уулуңа: „Муну мен Мисир жеринен чыкканда Жахабанын мага кылгандарын эскериш үчүн кылып жатам“,— деп айт+.  Жахабанын мыйзамы оозуңдан түшпөшү үчүн+, бул майрам колуңдагы белги, чекеңдеги эскертүү катары кызмат кылат+, анткени Жахаба сени Мисирден күчтүү колу менен алып чыккан+. 10  Бул көрсөтмөнү жыл сайын белгиленген убакта аткар+. 11  Жахаба, сага жана ата-бабаларыңа убада кылгандай+, сени канаандыктардын жерине+ алып барып, аны сага бергенде, 12  биринчи төрөлгөн эркек балаңды+, малыңдын биринчи төлүн+, эркегин, Жахабага арна. Алар Жахабага таандык+. 13  Эшегиңдин биринчи төлүн кун төлөп сатып ал, кунуна кой бер, эгер кун төлөп сатып ала албасаң, анын мойнун сындыра чап+. Ар бир тун уулуңду да кун төлөп сатып ал+. 14  Кийин уулуң: „Бул эмнени билдирет?“ — деп сураса+, ага: „Жахаба бизди Мисирден, биз кул болуп жүргөн жерден, күчтүү колу менен алып чыккан+. 15  Фараон өжөрлөнүп, бизди коё бербей жатканда+, Жахаба Мисир жериндеги бардык тун балдарды өлтүрүп+, малдын биринчи төлүнүн баарын кырып таштаган+. Ошондуктан малымдын биринчи төлүн, эркектерин, Жахабага курмандыкка чалып+, тун уулдарымдын баарын кун төлөп сатып алып жатам“+,—деп айт. 16  Бул майрам колуңдагы белги, чекеңдеги таңуу катары кызмат кылсын+, анткени Жахаба бизди Мисирден күчтүү колу менен алып чыккан»+. 17  Фараон ысрайыл элин коё бергенде, Кудай аларды пелиштиликтердин жерине алып барчу кыска жолго салган жок. Анткени ал: «Согушууга туура келерин көргөндө эл өкүнүп, кайра Мисирге кетип калышы мүмкүн»,— деди+. 18  Ошондуктан аларды Кызыл деңиздин жанындагы чөлгө алып бара турган айланып өтчү узун жолго салды+. Ысрайыл уулдары Мисир жеринен, аскердик топтордой болуп, уюшулган түрдө чыгышты+. 19  Муса Жусуптун сөөгүн кошо ала чыкты, анткени Жусуп: «Кудай силерге сөзсүз назарын салат+, ошондо сөөгүмдү өзүңөр менен кошо бул жактан алып чыккыла»+ — деп айтып, Ысрайыл уулдарына ант бердирткен эле. 20  Алар Сукоттон чыгып, чөлдүн четиндеги Этамга чатырларын тигишти+. 21  Жол көрсөтүш үчүн Жахаба алардын алдында баратты. Күндүз аларды булут мамы аркылуу, ал эми түнкүсүн от мамы аркылуу жетектеп баратты+. Ошентип, алар күндүз да, түнкүсүн да жол жүрүп отурушту+. 22  Күндүзү булут мамы, түнкүсүн от мамы элдин алдынан кеткен жок+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ар бир жатынды жарып чыккан ар бир биринчи эркек баласын».
Сөзмө-сөз: «кулдардын үйүнөн».
Жүйүттөр Бабыл кулчулугунан бошотулгандан кийин, бул ай нисан деп аталып калган. Кара: 14-тирк.