Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 11:1—10

11  Жахаба Мусага: «Мен фараонго жана Мисир жерине дагы бир жаза жиберем. Ошондон кийин ал силерди коё берет+. Колуңардагы бардык мал-мүлкүңөр менен кошо коё берет, ал тургай, кууп чыгат+.  Элиңе айт, эркек болобу, аял болобу, ар бири кошуналарынан алтын-күмүш буюмдарын сурап алсын»,— деди+.  Жахаба өз элин мисирликтердин көз алдында ырайым тапкыдай кылды+. Анын үстүнө, Муса Мисир жеринде фараондун кызматчылары менен анын элинин алдында кадыр-барктуу киши болчу+.  Муса мындай деди: «Жахаба мындай дейт: „Түн ортосунда мен Мисир жерин аралап өтөм+.  Анан Мисирдеги тун балдардын баары+: тактыда отурган фараондун тун баласынан баштап жаргылчак тартып отурган күңдүн тун баласына чейин өлөт, малдын да биринчи төлүнүн баары кырылат+.  Ошондо бүт Мисир жери өкүрүп ыйлайт. Андай өкүрүк мурун да болгон эмес, кийин да болбойт+.  Ал эми ысрайылдыктардын бири да, алардын малы да эч кандай зыян тартпайт, аларга атүгүл бир да ит үрбөйт+. Ошондо силер Жахабанын мисирликтерге башкача, Ысрайыл уулдарына башкача мамиле жасап жатканын билесиңер“+.  Сенин кулдарыңдын баары мага келип, таазим кылышат да+: „Өзүң да кет, элиң да кетсин“,— дешет. Ошондон кийин кетем». Ушул сөздөрдү айткандан кийин катуу ачууланган Муса фараондукунан чыгып кетти.  Жахаба Мусага: «Мисир жеринде дагы көбүрөөк керемет көрсөтүшүм үчүн+, фараон силерди укпай коёт»,— деди+. 10  Муса менен Арун ушул кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөтүштү+. Бирок Жахаба фараондун жүрөгүнүн катууланышына жол берип койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё бербей койду+.

Шилтемелер