Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 10:1—29

10  Жахаба Мусага: «Фараонго бар, анткени анын көз алдында ушул кереметтерди көрсөтүш үчүн+, мен анын да, кулдарынын да жүрөктөрүнүн катууланышына жол бердим+.  Муну мен Мисирди канчалык катуу жазалаганымды, бул жерде кандай кереметтерди көрсөткөнүмдү уулуңа, уулуңдун уулуна айтып беришиң үчүн кылдым+. Ошентип, менин Жахаба экенимди билесиңер»,— деди+.  Муса менен Арун фараонго барып, мындай дешти: «Еврейлердин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Качанкыга чейин мага баш ийбейсиң?+ Менин элимди коё бер, алар мага сыйынышсын.  Эгерде дагы коё бербей койсоң, эртең жериңе чегиртке каптатам+.  Ал жер бетин көрүнгүс кылып каптап, мөндүрдөн калгандын баарын, талаадагы бүт бак-дарактарды жеп салат+.  Сенин үйлөрүңө, бардык кулдарыңдын үйлөрүнө, бүт Мисир жериндеги үйлөргө чегиртке толот. Мынчалык көп чегирткени аталарың да, ата-бабаларың да эзели көргөн эмес“»+. Ушуларды айткандан кийин Муса бурулуп, ал жерден чыгып кетти+.  Кызматчылары фараонго: «Бул киши бизди качанкыга чейин кыйнайт?*+ Бул элди коё бер, өздөрүнүн Жахаба Кудайына сыйынышсын. Мисирдин кыйрап калганын дагы эле көрбөй турасыңбы?!» — дешти+.  Ошондо Муса менен Арунду фараонго кайра алып келишти. Фараон аларга: «Баргыла, Жахаба Кудайыңарга сыйынгыла»+,— деди да: «Кимиңер барасыңар?» — деп сурады.  Муса: «Жаштарыбыз, кары-картаңдарыбыз, уул-кыздарыбыз менен барабыз+, ошондой эле койлорубуз менен бодо малыбызды да ала кетебиз+. Анткени Жахабага арналган майрам өткөрөбүз»,— деп жооп берди+. 10  Фараон: «Жахаба биз менен деп өзүңөрдү соорото бергиле. Мени силерди балдарыңар менен кошо коё берет деп ойлоп жатасыңарбы?+ Көрдүңөрбү, силердин оюңар жаман+. 11  Жок, силер айткандай болбойт. Жахабага сыйынгыңар келип жатабы, анда эркектериңер гана барып сыйынсын»,— деди. Анан Муса менен Арунду фараондун алдынан кууп чыгышты+. 12  Жахаба Мусага: «Мисир жерине колуңду сун+. Ошондо аны чегиртке каптап, ал жердеги бүт өсүмдүктөр менен мөндүрдөн калгандын баарын жейт»,— деди+. 13  Муса таягын Мисир жерине сунганда, Жахаба чыгыштан шамал соктурду+. Шамал бир күн, бир түн тынбай согуп, эртеси эртең менен чегирткелерди айдап келди. 14  Чегирткелер учуп келип, Мисир жерин бүт каптап калды+. Мунун айынан бардыгы кыйналды+. Буга чейин мынчалык көп чегиртке болгон эмес, мындан кийин да болбойт. 15  Чегирткелер бүт жер бетин каптагандыктан+, ал жер караңгы болуп калды*+. Алар ошол жердеги өсүмдүктөрдү, бак-дарактардын мөндүрдөн калган мөмөлөрүнүн баарын жеп салды+. Ошентип, бүт Мисир боюнча бак-дарактарда бир да жалбырак, талаада бир да өсүмдүк калбай калды+. 16  Фараон Муса менен Арунду шашылыш түрдө чакыртып: «Мен Жахаба Кудайыңардын, силердин алдыңарда күнөөлүүмүн+. 17  Мени дагы бир эле жолу кечирип койчу+. Жахаба Кудайыңардан тиленгилечи+, мени бул балээден арылтсын»,— деди. 18  Муса фараондон чыгып, Жахабадан тиленди+. 19  Ошондо Жахаба шамалдын багытын өзгөртүп, батыштан катуу шамал соктурду. Ал чегирткелерди учуруп, Кызыл деңизге алып барып таштады. Ошентип, Мисир жеринде бир да чегиртке калган жок. 20  Бирок Жахаба фараондун жүрөгүнүн катууланышына жол берип койду+, ошондуктан ал Ысрайыл уулдарын коё бербей койду. 21  Жахаба Мусага: «Мисир жерин караңгылык, коюу караңгылык, капташы үчүн, колуңду асманга көтөр»,— деди+. 22  Муса ошол замат колун асманга көтөрдү. Бүт Мисир жерин үч күн бою коюу караңгылык каптап турду+. 23  Адамдар бири-бирин көрбөй, үч күн бою эч ким эч жакка жыла албай калды. Ал эми Ысрайыл уулдары жашаган жер жарык болуп турду+. 24  Ошондо фараон Мусаны чакыртып: «Баргыла, Жахабага сыйынгыла+. Бирок койлоруңар менен бодо малыңар бул жерде калсын. Балдарыңар болсо силер менен бара берсин»,— деди+. 25  Бирок Муса: «Бизге курмандыктарыбыз менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыбызды да бересиң, анткени аларды Жахаба Кудайыбызга чалышыбыз керек+. 26  Малыбызды да ала кетебиз+. Бир да туяк калбайт, анткени Жахаба Кудайыбызга сыйынганда чалчу курмандыктарыбызды+ ошолордун арасынан алабыз. Жахабага сыйынганда эмнени курмандыкка чаларыбызды ал жакка бармайынча билбейбиз»,— деди+. 27  Жахаба фараондун жүрөгүнүн катууланышына жол берди. Ал элди коё бербей койду+. 28  Фараон: «Жогол бул жерден!+ Экинчи көзүмө көрүнбө, көрүнө турган болсоң, айтып коёюн, ошол күнү өлөсүң!» — деди+. 29  Муса ага: «Болуптур, сен айткандай болсун. Экинчи көзүңө көрүнбөйм»,— деди+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «качанкыга чейин бизге тузак болот?»
Же: «жер карарды».