Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Чыгуу 1:1—22

1  Жакып, тактап айтканда, Ысрайыл Мисир жерине барганда, уулдарынын баары өз үй-бүлөсүн алып, аны менен кошо барган+. Анын уулдарынын аттары булар:  Рубейин+, Шымон+, Леби+, Жүйүт+,  Исахар+, Забулун+, Бенжемин+,  Дан+, Напталы+, Гат+, Ашыр+.  Жакыптан тарагандардын+ бардыгы биригип жетимиш киши* эле. Жусуп Мисирде болчу+.  Арадан убакыт өтүп, Жусуп да, анын бир туугандары менен замандаштары да көз жумду+.  Ысрайыл уулдары укумдап-тукумдап, көбөйүштү. Алар саны жагынан тез өсүп, барган сайын күчтүү болуп баратышты. Ошентип, Мисир жерине толуп кетишти+.  Бир канча убакыттан кийин Мисирде Жусупту тааныбаган жаңы падыша такка келди+.  Ал өз элине: «Ысрайыл эли бизге караганда алда канча көп, күчтүү болуп кетти+. 10  Булар мындан да көбөйүп кетпеши үчүн, амалкөйлүк менен иш кылалы+. Болбосо, согуш чыгып кетсе, булар бизди жек көргөндөр менен бирге бизге каршы согушуп, жерибизден кетип калышат»,— деди. 11  Ошентип, Ысрайыл уулдарын оор жумушка салып кыйнаш үчүн+, алардын үстүнөн башчыларды коюшту. Ысрайыл уулдары фараон үчүн кампалары бар Питом жана Раамсес+ шаарларын курушту. 12  Бирок канчалык кыйнаган сайын, Ысрайыл уулдары ошончолук көбөйүп, жер жайнап кетишти. Мисирликтер аябай коркуп, аларды жек көрө башташты+. 13  Ошондуктан аларды кулга айлантып, катаал мамиле жасашты+. 14  Алар Ысрайыл уулдарын ылай менен кышка салып+, ошондой эле талаада кулдар кылчу ар кандай оор жумуштарды аткарууга мажбурлап+, алардын жашоосун азаптуу кылып жиберишти+. 15  Бир күнү Мисир падышасы аялдарга төрөт учурунда жардам берген Шипра менен Пуя деген эки еврей аялга+: 16  «Еврей аялдарга төрөгөнгө жардам берип жатканыңарда ким төрөлгөнүн карап тургула. Эгер эркек бала болсо, өлтүрүп салгыла, ал эми кыз болсо, тирүү калсын»,— деп буйрук берди. 17  Бирок алар чыныгы Кудайдан корккондуктан+, Мисир падышасынын айтканын аткарбай+, эркек балдарды тирүү калтырып жатышты+. 18  Бир канча убакыттан кийин Мисир падышасы ал экөөнү чакырып: «Эмнеге мындай кылып жатасыңар? Эмне үчүн эркек балдарды тирүү калтырып жатасыңар?» — деп сурады+. 19  Алар: «Еврей аялдар мисирлик аялдардай эмес экен. Алардын ден соолугу чың болгондуктан, төрөткөн аялдар келгиче эле төрөп коюшат экен»,— деп жооп беришти. 20  Бул үчүн Кудай аларга жакшылык кылды+. Ысрайыл уулдары болсо күчтөнүп, көбөйгөндөн көбөйө берди. 21  Төрөт учурунда жардам берген ал аялдар чыныгы Кудайдан корккондуктан, Кудай кийин аларга сыйлык берди: аларды үй-бүлөлүү кылды+. 22  Акыры, фараон өз элине: «Еврейлердин жаңы төрөлгөн ар бир эркек баласын Нил дарыясына ыргыткыла, ал эми кыздарын тирүү калтыргыла»,— деп буйрук берди+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жан».