Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Хабакук 2:1—20

2  Мен күзөт ордума турам+, чептин үстүнө туруп, анын мен аркылуу эмне деп айтарын билиш үчүн+, мени айыптаганда эмне деп жооп беришим керектигин билиш үчүн+ байкап турам+.  Жахаба мага мындай деди: «Окуй турган адам оңой окуй алышы үчүн+, бул аянды тактайчаларга так-даана кылып жазып кой+.  Анткени бул аян аткарыла турган убак али алдыда+. Ал аткарыла турган убак тездик менен жакындап келатат, ал алдабайт. Создуктурулуп жатса да, күт, анткени сөзсүз аткарылат+, кечикпейт.  Мына, ал текеберденип кетти+. Ал чынчыл эмес. Адил адам болсо ишенимдүүлүгүнүн аркасында жашайт+.  Шарапка алдангандыктан+ адам менменсинип кетет+. Көргө* окшоп ач көздөнгөн, өлүмгө окшоп тойбогон+ ал адам көздөгөн максатына жетпейт+. Ал жанына бардык урууларды чогултуп жатат, бардык элдерди топтоп жатат+.  Бирок алардын баары ал тууралуу ылакап айтып+, чымчып сүйлөп, аны айыптабайбы? Алар мындай дешет: „Качанга чейин+ ал өзүнө таандык болбогонду көбөйтө берет?+ Карызын көбөйткөндүктөн, анын башына каран түн түшөт!  Сенден үстөк талап кылгандар капыстан өзүңө каршы чыкпайбы? Сени каары менен жулкулдаткандар ойгонбойбу? Алар сени талап-тоношпойбу?+  Сен көп элдерди талап-тоногондуктан, алардын калгандары сени талап-тоношот+. Анткени сен адамдардын канын төгүп, жерге, шаарга жана анын бардык тургундарына зордук-зомбулук көрсөттүң+.  Өзүн алааматтан сакташ үчүн бийик жерге уя салууну көздөп+, өз үйүнө арам жол менен пайда издегендин башына каран түн түшөт!+ 10  Сен өз үйүңдү уятка калтыра турган ишти — элдерди жок кылууну — ойлодуң+. Сен күнөө кылдың+. 11  Атүгүл дубалдын ташы да боздойт, шыптагы устун ага жооп кайтарат+. 12  Кан төгүп шаар кургандын, аны ыймансыздыкка негиздегендин башына каран түн түшөт!+ 13  Элдердин от үчүн эмгектенгени, уруулардын куру бекер кыйналганы асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын эрки эмеспи?+ 14  Анткени, деңиз сууга толгондой, жер Жахабанын даңкы жөнүндөгү билимге толот+. 15  Жакындарын мас кылып+, жылаңач этин көрүш үчүн+ аларга өзүнүн ачуусу менен каары кошулган ичимдик бергендин башына каран түн түшөт. 16  Сен даңкка эмес, маскаралыкка тоёсуң+. Сен да ичип+, сүннөткө отургузулбагандардай бол+. Жахаба оң колундагы чөйчөктөн сага да ичирет+, ошондо сага даңктын ордуна маскаралык келет. 17  Анткени сен Лебанонго+ зордук-зомбулук көрсөткөнүңдөй эле, сага да зордук-зомбулук көрсөтүлөт, коркуп-үрккөн жаныбарларды тойбостук менен кырганыңдай эле, сени да кырышат. Адамдардын канын төгүп, жерге, шаарга жана анын бардык тургундарына зордук-зомбулук көрсөткөнүң үчүн+ ушунун баары башыңа түшөт+. 18  Уста оюп жасаган буркандан эмне пайда?+ Куйма буркандан, жалгандыкка окуткан устаттан эмне пайда?+ Алар сүйлөй албайт+, анан пайдасы жок ал кудайларды жасаган киши аларга кантип таянат?+ 19  Жыгачка: “Ойгон!” — деген, үнсүз ташка: “Тур! Бизге насаат айт”,— деген кишинин башына каран түн түшөт!+ Алтын-күмүш менен капталганы менен+, анын жаны жок+. 20  Ал эми Жахаба өзүнүн ыйык ибадатканасында+. Бүт жер жүзү, анын алдында үн катпа!“»+

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.