Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Хабакук 1:1—17

1  Хабакук пайгамбар аян аркылуу алган кабар.  Оо, Жахаба, качанкыга чейин жардам сурап кыйкыра берем?+ Сен мени качанкыга чейин укпайсың? Качанкыга чейин зордук-зомбулуктан куткарышыңды сурап зар какшай берем?+  Эмнеге мага кыянат иштерди көрсөтүп жатасың? Эмнеге кырсык-каргашаларды унчукпай карап турасың? Эмнеге талап-тоноочулук, зордук-зомбулук, чыр-чатак, уруш-талаштар болуп жатат?+  Ушундан улам мыйзам күчүн жоготту, адилеттик деген жок+. Ыймансыз адам адил адамга үстөмдүк кылгандыктан, адилеттик бурмаланып жатат+.  «Элдерди карагыла, аларга байкоо салгыла, бири-бириңерди таң кала карагыла+. Таң калгыла, анткени силердин күндөрүңөрдө бир иш жасалат, ал жөнүндө силерге айтып беришсе, ишенмек эмессиңер+.  Мен каздимдиктерди+, кенен жерлерде жүргөн ырайымсыз, тез жүргөн элди, башкалардын жерин басып алыш үчүн алып келем+.  Ал эл — жүрөктүн үшүн алган, үрөй учурган эл. Анын өзүнүн мыйзамы бар, ал өзүнүн даңкын өзү көтөрөт+.  Анын аттары кабыландан да күлүк, алар иңирдеги карышкырлардан да жаман+. Анын күлүктөрү туяктары менен жер чапчыйт, алар тээ алыстан келишет. Алар жемине шукшурулган бүркүттөй болуп учуп келишет+.  Алардын баары зордук-зомбулук кылыш үчүн келет+. Баары чогулуп, чыгыштан соккон шамалга+ окшоп алдыны көздөй багыт алышат. Алар кумдай көп адамдарды туткундап кетишет. 10  Ал эл падышаларды шылдыңдайт, ак сарай кызматчыларын келекелейт+. Чептүү жерлерди мазактап күлөт+, дөбө кылып топурак үйүп, аларды басып алат. 11  Ал шамалдай болуп алдыга жүткүнүп, бул жерди аралап чыгып, айыптуу болот+. Ал күчтү кудайынан алат»+. 12  Оо, Жахаба, сен байыртадан эле бар эмессиңби?+ Оо, Кудайым, менин Ыйыгым, сен эч качан өлбөйсүң+. Жахаба, сен аны сот үчүн дайындагансың. Оо, Аска-зоом+, сен аны бизди ашкерелеш үчүн+ негиздегенсиң. 13  Сенин көздөрүң таптаза, ошондуктан жамандыкты, кырсык-каргашаларды карап тура албайсың+. Анда эмнеге ишенимсиздик кылгандарды карап турасың?+ Эмнеге ыймансыз адам адил адамды жеп-жутуп жатканда унчукпайсың?+ 14  Эмнеге адам баласына деңиздеги балыктарга, коргой турган башчысы жок+ сойлоп жүрүүчүлөргө мамиле кылынгандай мамиле кылынышына жол берип жатасың? 15  Алар кайырмак салып, тор салып+, баарын балык кармаган торуна чогултуп жатышат+. Ошон үчүн кубанып-шаттанып жатышат+. 16  Алар өздөрүнүн торуна арнап курмандык чалып, балык кармаган торуна арнап курмандык түтүнүн түтөтүп жатышат, анткени ошолордун аркасы менен тамактын майлуусун, жакшысын жеп жатышат+. 17  Эмнеге аларга кайра-кайра тор жайганга жол берип жатасың? Алар ушинтип элдерди аёосуз өлтүрө беришеби?+

Шилтемелер