Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Титке 2:1—15

2  Сен болсо мындан ары да туура окууга ылайык келген нерселерди айт+.  Улгайган кишилер+ бардык нерсенин чегин билишсин, салабаттуу+, акыл-эстүү болушсун жана күчтүү ишеним+, сүйүү, туруктуулук көрсөтүшсүн+.  Ошо сыяктуу эле, улгайган аялдар+ ызаттуу болушсун, ушакташпасын+, шараптын кулу болушпасын, башкаларды жакшылыкка үйрөтүшсүн.  Алар кыз-келиндерге акыл-насаат айтып, күйөөсүн+, балдарын сүйүүгө+,  акыл-эстүү, адеп-ахлактык жактан таза болууга+, үйүнө кам көрүүгө, жакшылык кылууга, күйөөсүнө баш ийүүгө үйрөтүшсүн+. Кудайдын сөзүнө тил тийбеши үчүн ошентишсин+.  Жигиттерди да акыл-эстүү болууга үндө+.  Аларга жакшы иштериң+ менен бардык жагынан үлгү көрсөт. Окутууга олуттуу кара+, эч нерсени бурмалаба,  сөзгө калбагыдай болуп+, жүйөлүү сөздөрдү сүйлө. Ошентип, каршы чыккандар биз жөнүндө эч бир жаман сөз айта албай, уят болушсун+.  Кулдар+ өз кожоюндарына бардык жагынан баш ийип+, аларга жагууга умтулушсун, каяша айтышпасын+, 10  уурдашпасын+, толугу менен ишенимдүү болушсун+. Муну менен Куткаруучу Кудайыбыздын окуусун бардык жагынан көркүнө чыгарышсын+. 11  Анткени Кудайдын ырайымы+ айкын болуп+, ар кандай адамдарга+ куткарылуу алып келди+. 12  Бул ырайым бизди ыймансыздыкты+, дүйнөнүн каалоолорун+ четке кагууга жана азыркы дүйнөдө+ акыл-эстүүлүк, адилдик, Кудайга берилгендик көрсөтүп жашоого+ үйрөтөт. 13  Ал ортодо биз кереметтүү үмүттүн+ ишке ашышын, улуу Кудайдын жана Куткаруучубуз Машаяк Исанын даңк+ менен ачык көрүнүшүн күтүп жатабыз. 14  Машаяк бизди мыйзамсыз иштердин баарынан арылтып+, тазалап+, жакшы иштерди кылууга ынталуу+, өзүнө гана таандык өзгөчө эл кылыш үчүн+ өз өмүрүн берген+. 15  Өзүңө берилген укукту толук пайдаланып, мындан ары да ушуларды айт, үндө, ашкереле+. Эч ким сени тоготпой койбосун+.

Шилтемелер