Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Титке 1:1—16

1  Кудайдын тандалгандары+ туткан ишенимге жана чындык жөнүндөгү так билимге+ ылайык Кудайдын кулу+ жана Иса Машаяктын элчиси+ болуп дайындалган Пабылдын каты. Чындык+ Кудайга болгон берилгендик менен шайкештикте+,  ал эми берилгендик түбөлүк өмүргө+ болгон үмүткө негизделген. Ал өмүрдү жалган сүйлөй албаган Кудай+ мурун эле убада кылган+.  Убагы келгенде, ал өзүнүн сөзүн кабар айтуу иши аркылуу жарыялады. Ал иш мага Куткаруучубуз Кудайдын буйругу менен+ тапшырылган+.  Мени менен бир ишенимди туткан чыныгы уулум+ Тит, Кудай Атабыздын+ жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын+ ырайымы, тынчтыгы сени менен болсун!  Мен сени Критке+ бүтпөй калган иштерди жөнгө салышың үчүн жана сага көрсөтмө бергенимдей+, ар бир шаарда аксакалдарды дайындашың үчүн+ калтыргам.  Аксакалдар башкалар айыптай албаган+, бир эле аялы бар адамдардан болсун+. Алардын ишеним жолундагы балдары жаман жолго түшүп же ээнбаш болуп, сөзгө калбашы керек+.  Кудай дайындаган башкаруучу+ катары жыйналыш көзөмөлчүсү башкалар айыптай албаган адам болууга тийиш+. Ал өз билгенин жасабашы+ керек, ачуусу чукул+, ичкиликке жакын+, зордук-зомбулукчул болбошу+ керек же арам жол менен пайда көрүүгө умтулбашы керек+.  Тескерисинче, меймандос+, жакшылык кылууга умтулган, акыл-эстүү+, адил, берилгендигин сактаган+, өзүн кармай билген адам болууга тийиш+.  Ал туура окуунун+ жардамы менен башкаларды үндөөгө жана ага каршы чыккандарды ашкерелөөгө+ жөндөмдүү болушу үчүн окутканда Кудайдын ишенимдүү сөзүнө бек карманышы керек+. 10  Анткени козголоңчул, сөз деп эле сүйлөй берген+, башкаларды адаштырган, айрыкча, сүннөткө отургузууну жактаган адамдар көп+. 11  Андайларды тыйыш керек. Себеби алар арам жол менен пайда көрүш үчүн+ окутпашы керек болгон нерселерди окутуп, айрым үй-бүлөлөрдүн ишенимин кыйратып жатышат+. 12  Алардын арасынан бирөө, өздөрүнүн эле пайгамбары: «Криттиктер дайыма калп айтышат; алар — коркунучтуу+ жырткычтар, бекерпоз соргоктор»,— деп айткан. 13  Бул айтылгандар чын. Ошондуктан, ишенимин бекем сакташы үчүн+, аларды мындан ары да катуу ашкерелей бер+. 14  Алар жүйүттөрдүн ойдон чыгарылган кептерине+, чындыкты четке каккандардын+ осуяттарына+ кулак какпасын. 15  Таза адамдар үчүн бардыгы таза+. Ал эми булганган+ жана ишеними жок+ адамдар үчүн таза эч нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган+. 16  Алар башкаларга Кудайды тааныйбыз дешкени менен+, кылган иштеринен Андан баш тартканы көрүнүп турат+. Анткени алар — көңүл иренжиткен, баш ийбес, эч бир жакшы ишке жарабаган адамдар+.

Шилтемелер