Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сулаймандын ыры 6:1—13

6  «Аялзатынын эң сулуусу+, сүйгөн жигитиң кайда кетти? Ашыгың кай тарапка бет алды? Сени менен биз да издейли».  «Сүйгөн жигитим бак арасында+ кой кайтарып+, лилия териш үчүн, өз багына, жыпар жыттуу гүлзарына кетти+.  Мен сүйгөнүмө таандыкмын, ал мага таандык+. Ал лилия гүлдөрүнүн арасында кой кайтарып жүрөт»+.  «Оо, жан селким+, Ажайып шаардай сулуусуң+, Иерусалимдей сүйкүмдүүсүң+, туу астына+ чогулган жоокерлердей сүрдүүсүң+.  Көзүңдү менден бур+, анткени көз карашыңан сүрдөйм. Чачың Гилаттан оюн салып түшүп келаткан топ эчкидей+.  Тиштериң жуулган койлордой. Ар бири эгиз тууп, биринин да козусу жоголгон эмес+.  Жүзүңө тартылган тор алдындагы саамайларың экиге бөлүнгөн анардай+.  Алтымыш каныша, сексен токол, сансыз кыздар бар болсо да+,  менин көгүчкөнүм+, кынтыксызым бирөө гана+. Ал — энесинин жалгызы, аны төрөгөндүн тазасы. Аны кыздар көрүп, бактылуу дешти, канышалар менен токолдор минтип макташты+: 10  „Аткан таңдай жогорудан караган+, толгон айдай сулуу+, жарыгын чачкан күндөй таза+, туу астына чогулган жоокерлердей+ сүрдүү бул ким?“»+ 11  «Өзөндөгү+ бак-дарактар көгөрүп+, жүзүм бүчүр алып+, анар гүлдөдү бекен деп, жаңгак токоюна келдим. 12  Дилгир элимдин арабаларына жан дүйнөмдүн кантип жетеленип барганын билбей калдым». 13  «Кайрылып кел, кайрылып кел, оо, шуламдык селки! Кайрылып кел, баарыбыз сени көрөлү, кайрылып кел!»+ «Шуламдык кызды эмнеге көргүңөр келет?»+ «Ал эки кошуундун бийиндей!»

Шилтемелер