Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сулаймандын ыры 5:1—16

5  «Мен багыма келдим+, карындашым+, колуктум+. Жыпар жыттуу чөптөр менен миррамды чогулттум+. Тартыла элек бал жедим+, сүт менен шарап ичтим». «Жегиле, достор! Ичкиле, махабатка мас болгула!»+  «Мен уктап жатсам да, жүрөгүм сергек+. Сүйгөн жигитим эшикти чертип жатат!»+ «Эшикти ач+, карындашым, сүйгөн кызым, көгүчкөнүм, кынтыксызым!+ Анткени башымды шүүдүрүм каптады, түнкү тамчылардан тармал чачым суу болду»+.  «„Көйнөгүмдү чечип койгом, кайра киемби? Бутумду да жууп алгам, кайра булгаймбы?“  Сүйгөн жигитим эшиктин тешигинен колун тартып алды, ошондо ичим уйгу-туйгу боло түштү+.  Ашыгыма эшикти ачканы турдум. Колдорумдан мирра, манжаларымдан мирра майы кулпунун тешиктерине таамп жатты.  Сүйгөнүмө эшикти ачтым, бирок ал бурулуп, кетип калыптыр. Ал сүйлөгөндө, өзүмдү жоготуп койгон элем. Аны издедим, бирок таппадым+. Чакырдым, бирок жооп берген жок.  Алдыман шаарды аралап жүргөн күзөтчүлөр+ чыгып, мени уруп-сабап, жарадар кылышты. Дубал кайтарган күзөтчүлөр+ жамынчымды сыйрып алышты.  Оо, Иерусалим кыздары+, сүйгөн жигитимди көрсөңөр+, ашыктыктан азап чегип жүргөнүмдү айтабыз деп+ ант бергиле»+.  «Аялзатынын эң сулуусу+, сенин сүйгөнүң башкалардан эмнеси менен артык?+ Бизге ушинтип ант бердиргидей, сүйгөнүң башкалардан эмнеси менен артык?»+ 10  «Бетине кызыл жүгүргөн ак жуумал менин сүйгөнүм, ал — он миң эркектин арасынан эң көрүнүктүүсү+. 11  Башы — алтын, таза алтын. Тармал чачтары — курманын шиңгили, кузгундай капкара. 12  Көздөрү суу боюндагы көгүчкөндөрдөй, сүткө киринип, жээкте отурган көгүчкөндөрдөй. 13  Саамайы жыты аңкыган гүлзардай+, жыпар жыттуу чөптөрдүн үймөгүндөй. Эриндери — мирра+ майы тамчылаган лилия гүлдөрү. 14  Манжалары — хризолит менен кооздолгон алтын. Ичи — пилдин сөөгүнөн жасалып, сапфир каптатылган идиш. 15  Буттары — алтын пайдубалдарга орнотулган мрамор мамылары. Келбети Лебанондой, бал карагайдай+ сымбаттуу. 16  Таңдайы балдай таттуу. Бүт мүчөсү келишкен+. Оо, Иерусалим кыздары, менин сүйгөн жигитим, жан шеригим мына ушундай!»

Шилтемелер