Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сепания 3:1—20

3  Өз тургундарын эзген, өзүн өзү арамдаган козголоңчул шаардын башына каран түн түшөт!+  Ал уккусу келген эмес+, акыл-насаатты* кабыл алган эмес+, Жахабага таянган эмес+, Кудайына жакындаган эмес+.  Анын төрөлөрү — арылдаган арстандар+. Соттору — эртең мененкиге чейин бир да сөөк калтырбаган иңирдеги карышкырлар+.  Анын пайгамбарлары уятсыз, ишенимсиз кишилер болушкан+, дин кызматчылары ыйык нерсени арамдап, мыйзамды бузушкан+.  Жахаба болсо ал шаарда адил иш кылган+, ал адилетсиздик кылган эмес+. Ал күн сайын эртең менен өкүмдөрүн жарыялап турчу+. Алар таң сүргөндө жок болуп кетчү эмес+. Бирок ыймансыздар уялуу дегенди билген эмес+.  «Мен элдерди жок кылдым. Дубалдардын бурчундагы мунаралары бош калды. Көчөлөрүн ээн калтырдым, эми ал көчөлөрдөн эч ким баспайт. Шаарлары аңгырап бош калды, бир да тургуну калган жок+.  Мен аны бүт күнөөлөрү үчүн жоопко тартканда+, анын турагы кыйратылбашы үчүн+, ал шаарга: „Сен менден коркосуң, акыл-насаатты кабыл аласың“,— дедим+. Бирок алар жийиркеничтүү иштерин кылууга шашышты+.  „Ошондуктан мен олжо алганы келе турган күн келгенге чейин+, мени күткүлө+,— дейт Жахаба,— анткени менин өкүмүм — элдерди, падышалыктарды чогултуп+, аларга жаалымды, жалындаган каарымды төгүү+. Менин каарым от сыяктуу бүт жерди жалмап кетет+.  Ошол убакта бардык элдер Жахабанын ысмын чакырып+, ага ийиндеш туруп кызмат кылышы үчүн+, мен аларга таза тил берем“+. 10  Мага жалынып-жалбаргандар — чачырап кеткен элимдин кызы — Эфиопия дарыяларынын тегерек-четинен мага белек алып келет+. 11  Ошол күнү менин алдымда жасаган күнөөлөрүң үчүн уялбайсың+, анткени мен бой көтөрүп кубанган адамдарыңдын баарын жок кылам+, ошондон кийин менин ыйык тоомдо өзүңдү жогору көтөрбөйсүң+. 12  Момун, карапайым адамдарыңды гана калтырам+, алар Жахабанын ысмын баш маана кылышат+. 13  Ысрайылдын аман калгандары+ ыймансыздык кылышпайт+, жалган сүйлөшпөйт+, митаам сөздөрдү айтышпайт+. Алар оттоп, көк чөптүн үстүндө керилип жатышат+, аларды эч ким коркутпайт»+. 14  Кубанып кыйкыр, Сион кызы! Кубанып-шаттан+, Ысрайыл! Бүт жүрөгүң менен кубанып-шаттан, Иерусалим кызы!+ 15  Жахаба сага чыгарган өкүмүн жокко чыгарды+. Ал сенин душмандарыңды кууп жиберди+. Ысрайылдын падышасы Жахаба сени менен+, ошондуктан сен мындан ары алааматтан коркпойсуң+. 16  Ошол күнү Иерусалимге мындай делет: «Коркпо, Сион+, ындының өчпөсүн*+. 17  Жахаба Кудайың сени менен. Ал күчтүү, ал куткарат+. Сени карап кубанып-шаттанат+, сага сүйүү көрсөтүүдөн ырахат алат, сени карап шаттанат, кубанганынан кыйкырат. 18  Майрамдарыңды сагынып, кайгыга батып жүргөндөрдү+ чогултам+. Алар сенден алыс жакта жүрүшөт, маскара болуп жатышат+. 19  Ошол убак келгенде, мен сени эзгендердин баарына каршы чыгам+, аксактарды куткарам+, чачырап кеткендерди чогултам+. Аларды өздөрү маскара болуп жүргөн жерде макталгыдай, даңкталгыдай кылам. 20  Ошол убакта мен силерди кайра үйүңөргө алып келем, силерди чогултам. Силердин көзүңөрчө элиңерди туткундан бошотуп алып келгенимде силерди бардык элдердин арасында макталгыдай, даңкталгыдай кылам». Жахаба ушундай дейт+.

Шилтемелер

Нкл 1:2нин шилт-н кара.
Сөзмө-сөз: «колдоруң түшпөсүн».