Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сандар 35:1—34

35  Жахаба Мусага Жерихонун тушунда, Мааптын Иордандын жанындагы чөлдүү түздүктөрүндө+, мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына айт, өзүлөрүнө тийген үлүштөн лебилерге жашай турган шаарларды+, алардын тегерегиндеги жерлерди беришсин+.  Ал шаарларда лебилердин өздөрү жашайт, ал эми алардын тегерегиндеги жерлерди малдары менен башка жаныбарлары үчүн, ошондой эле ар кандай чарба иштерин жүргүзүш үчүн колдонушат.  Лебилерге өздөрү жашай турган шаарлардын тегерегинен жер бериш үчүн шаардын дубалынын төрт тарабынан тең миң чыканактан эсептегиле.  Ошентип, шаардын тегерегиндеги жердин узундугу 2 000, туурасы да 2 000 чыканак болсун. Шаарлардын тегерегинен бөлүнүп берилчү жерлер ушундай болсун.  Лебилерге киши өлтүргөн адам качып бара турган+ алты баш калкалоочу шаар+, андан сырткары дагы кырк эки шаар бөлүп бергиле.  Ошентип, аларга бардыгы биригип кырк сегиз шаар тегерегиндеги жерлери менен кошо берилсин+.  Ал шаарларды Ысрайыл уулдарынын үлүштөрүнөн бөлүп бергиле+. Саны көптөрүнөн көп алгыла, саны аздарынан аз алгыла+. Ар бир уруу өзүнө тийген үлүшүнө жараша лебилерге шаар бөлүп берсин».  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 10  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Силер Канаан жерине барыш үчүн Иордандан өткөнү жатасыңар+. 11  Өзүңөргө ыңгайлуу боло турган шаарларды тандагыла. Алар силер үчүн баш калкалоочу шаарлар болот. Кимдир бирөөнү* кокусунан өлтүрүп алган киши ошол шаарларга качып барат+. 12  Ал жамааттын алдында соттолгонго чейин өлгөн кишинин кунун кууган адамдын+ колунан өлүп калбашы үчүн ошол шаарларга качып барып, баш калкалайт+. 13  Силер бөлүп бере турган ошол алты шаар баш калкалоочу шаарларыңар болот. 14  Үч шаарды Иордандын ушул өйүзүнөн+, үч шаарды Канаан жеринен бергиле+. Алар баш калкалоочу шаарлар болот. 15  Кимдир бирөөнү кокусунан өлтүрүп алган адам качып барышы үчүн+, ал шаарлар Ысрайыл уулдары үчүн, алардын арасында жашаган келгиндер менен жер которуп келгендер үчүн баш калкалоочу шаарлар болот+. 16  Эгер кимдир бирөө башка бирөөнү темир менен урганда, ал өлүп калса, урган адам — киши өлтүргүч+. Киши өлтүргүч өлүм жазасына тартылсын+. 17  Эгер кимдир бирөө башка бирөөнү таш* менен урганда, ал өлүп калса, урган адам — киши өлтүргүч. Киши өлтүргүч өлүм жазасына тартылсын. 18  Эгер кимдир бирөө башка бирөөнү жыгач* менен урганда, ал өлүп калса, урган адам — киши өлтүргүч. Киши өлтүргүч өлүм жазасына тартылсын. 19  Киши өлтүргүчтү өлгөн адамдын кунун кууган киши өлтүрсүн+, аны жолуктурары менен өлтүрсүн. 20  Эгер кимдир бирөө өзү жек көргөн бирөөнү түртүп жибергенде+ же жаман ой менен аны бир нерсе менен урганда+, ал өлүп калса, 21  же экөө урушуп кетип, аны колу менен уруп жибергенде, ал өлүп калса, урган киши өлүм жазасына тартылсын. Ал — киши өлтүргүч. Өлгөн адамдын кунун кууган киши аны жолуктурары менен өлтүрсүн+. 22  Эгер кимдир бирөө башка бирөөнү жаман көргөндүктөн эмес, байкабай түртүп жиберсе же арам ою жок эле+ аны көздөй бир нерсе ыргытып жиберсе, 23  же аны көрбөй таш* ыргытып жиберсе, же ташты анын үстүнө түшүрүп жиберсе жана ал киши өлүп калса, бирок аны өлтүрүп алган киши анын душманы болбосо жана ага жамандык каалабаган болсо, 24  жамаат ушул көрсөтмөлөргө карманып, киши өлтүргөн адам менен өлгөн кишинин кунун кууган адамдын ортосундагы ишти териштирсин+. 25  Анан жамаат+ киши өлтүргөн адамды өлгөн кишинин кунун кууган адамдан куткарып, өзү качып барган шаарга кайра жөнөтсүн. Ал ошол жерде ыйык май менен майланган башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин жашашы керек+. 26  Эгер киши өлтүргөн адам өзү качып барган баш калкалоочу шаардын сыртына чыкса жана 27  аны өлгөн адамдын кунун кууган киши+ кармап алып, өлтүрүп койсо, кун кууган киши кан төккөндүгү үчүн күнөөлүү болбойт. 28  Анткени киши өлтүргөн адам баш калкалоочу шаарда башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин жашашы керек+. Ал өзүнүн жерине башкы дин кызматчы өлгөндөн кийин гана кайтып барса болот. 29  Булар — жашаган жериңердин баарында өзүңөр да, укум-тукумуңар да сакташыңар керек болгон мыйзамдар. 30  Кимдир бирөөнү өлтүргөн адам күбөлөрдүн ырастоосу боюнча+ киши өлтүргүч катары өлүм жазасына тартылсын+. Бирок аны* бир эле күбөнүн ырастоосу боюнча өлүм жазасына тартканга болбойт. 31  Кимдир бирөөнү өлтүрүп, өлүм жазасына өкүм кылынган киши үчүн кун албагыла+, анткени ал өлүм жазасына тартылышы керек+. 32  Ошондой эле баш калкалоочу шаарга качып барган, бирок башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин өз жерине кайтып келгиси келген адам үчүн да кун албагыла. 33  Өзүңөр жашаган жерди булгабагыла, төгүлгөн кан жерди булгайт+. Кан төгүлүп булганган жерди кан төккөн адамдын каны менен гана тазалоого болот+. 34  Өзүңөр жашаган жерди булгабагыла, анткени мен да ошол жерде жашайм. Мен, Жахаба, Ысрайыл уулдарынын арасында жашайм“»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жанды». Бул Сн 35:15, 30-аяттарга да тиешелүү.
Кишини өлтүрүп койсо болчудай таш.
Кишини өлтүрүп койсо болчудай жыгач.
Кишини өлтүрүп койсо болчудай таш.
Сөзмө-сөз: «жанды».