Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сандар 27:1—23

27  Андан кийин Жусуптун уулу Менашенин тукумунан болгон Салапаттын кыздары+ келишти. Салапат Хепердин, Хепер Гилаттын, Гилат Махирдин, Махир Менашенин+ уулу болчу. Салапаттын кыздарынын аттары Махла, Нух, Хогла, Милка, Тирса+ эле.  Алар жыйын чатырынын кире беришине, Муса менен дин кызматчы Элазардын, башчылардын жана бүт жамааттын алдына келип+:  «Биздин атабыз чөлдө өлгөн+. Бирок ал Корактын таламдаштары менен бирге Жахабага каршы чыккан адамдардын арасында болгон эмес+. Ал өз күнөөсү үчүн өлгөн+, анын эркек балдары болгон эмес.  Эркек баласы болбогондуктан эле, атабыздын аты өз уруусунун арасынан өчүп калабы?+ Атабыздын бир туугандары менен кошо бизге да үлүшкө жер бериңиз»,— дешти+.  Муса бул тууралуу Жахабага айтты+.  Ошондо Жахаба Мусага мындай деди:  «Салапаттын кыздары туура айтып жатат. Аларга атасынын бир туугандары менен кошо үлүшкө жер бер, аларга атасынын үлүшүн бер+.  Анан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Эгер кимдир бирөө эркек бала көрбөй өтүп кетсе, анын энчисин кызына бергиле.  Эгер кызы жок болсо, бир туугандарына бергиле. 10  Эгер бир туугандары жок болсо, атасынын бир туугандарына бергиле. 11  Атасынын бир туугандары жок болсо, анда энчисин анын эң жакын кандаш тууганына бергиле+, ал анын энчиси болот. Жахаба Мусага буйругандай, бул чечим Ысрайыл уулдары үчүн мыйзам болот“». 12  Андан кийин Жахаба Мусага мындай деди: «Абарым тоосуна+ чыгып, мен Ысрайыл уулдарына бере турган жерге көз чаптыр+. 13  Ал жерди көргөндөн кийин бир тууганың Арунга окшоп көз жумуп+, ата-бабаларыңа кошуласың+. 14  Анткени Зин чөлүндө бүт жамаат мени менен талашып-тартышканда, силер менин буйругума каршы чыгып+, суунун жанында элге менин ыйык экенимди көрсөткөн эмессиңер+. Ал — Зин чөлүндөгү+ Кадештеги+ Мериба суусу+». 15  Ошондо Муса Жахабага: 16  «Бардыгына өмүр берген+ Жахаба Кудай жамааттын үстүнөн бирөөнү дайындаса экен+. 17  Жахабанын жамааты койчусу жок койлордой болуп калбашы үчүн+, ал алардын алдында кирип-чыга турган, аларды алып чыгып, алып кире турган адам болсо экен»,— деди+. 18  Жахаба Мусага мындай деди: «Өзгөчө рух көрсөткөн+ Нундун уулу Жашыяны алып келип, үстүнө колуңду кой+. 19  Аны дин кызматчы Элазар менен бүт жамааттын алдына тургузуп, алардын алдында жол башчы кылып дайында+. 20  Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты анын тилин алышы үчүн+, ага даңкыңдан бөлүп бер+. 21  Ал дин кызматчы Элазардын алдында турат, Элазар болсо Жахабанын алдында анын чечимдерин уримди+ колдонуп билип берип турат+. Ал жана аны менен бирге бүт Ысрайыл уулдары, бүт жамаат анын айтканы боюнча кирип-чыгып турушат». 22  Муса баарын Жахаба айткандай кылды. Ал Жашыяны алып келип, дин кызматчы Элазар+ менен бүт жамааттын алдына тургузду. 23  Анан, Жахаба айткандай+, анын үстүнө колдорун коюп, жол башчы кылып дайындады+.

Шилтемелер