Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сандар 25:1—18

25  Шитимде+ жашап жатканда ысрайылдыктар Мааптын кыздары менен бузуктук кыла башташты+.  Мааптык аялдар ысрайыл элин өздөрүнүн кудайларына курмандык чалууга чакыра баштагандыктан+, эл алардын курмандыктарынан жеп, кудайларына сыйына баштады+.  Ошентип, алар Пеор Баалына сыйынып кетишти+. Аларга Жахабанын каары кайнады+.  Жахаба Мусага: «Бул ишке жооптуу эл башчыларын өлтүрүп, күндүз Жахабанын алдында асып сал+, ошондо Жахабанын Ысрайылга кайнаган каары басылат»,— деди.  Муса ысрайыл элинин сотторуна+: «Ар бириңер Пеор Баалына сыйынып кеткен кишилериңерди өлтүргүлө»,— деди+.  Бүт жамаат жыйын чатырынын кире беришинде ыйлап жатканда, Ысрайыл уулдарынын арасынан бирөө+ Муса менен бүт жамааттын көзүнчө бир туугандарынын арасына мидиандык бир кызды+ алып келди.  Муну көргөндө дин кызматчы Арундун небереси, Элазардын уулу Пинехас+ жамааттын арасынан чыгып, найзасын колуна алып,  анын артынан чатырга кирди да, аялды ичке* сайып, аны да, эркекти да өлтүрүп салды, экөөнү тең сайып салды. Ошондо Ысрайыл уулдарына жиберилген жаза токтоду+.  Ал жазадан өлгөндөрдүн саны 24000 болду+. 10  Андан кийин Жахаба Мусага мындай деди: 11  «Арундун небереси, Элазардын уулу Пинехас+ Ысрайыл уулдарына кайнаган каарымды басты+, анткени ал алардын мени менен атаандашканына көз жумуп койгон жок+. Ошондуктан мен, толук берилгендикти талап кылсам да+, Ысрайыл уулдарын жок кылган жокмун. 12  Андыктан ага айт, мен аны менен тынчтык келишимин түзөм. 13  Ал келишим анын өзү жана тукумдары үчүн дин кызматчылыкка байланышкан түбөлүк келишим болот+, анткени ал өз Кудайы менен болгон атаандаштыкка көз жумуп койгон жок+, Ысрайыл уулдарын күнөөдөн арылтты»+. 14  Мидиандык кыз менен бирге өлтүрүлгөн ысрайылдыктын аты Зимри болчу. Ал Шымон уруусунун башчысы+ Салунун уулу эле. 15  Ал эми мидиандык+ кыздын аты Козби болчу. Ал мидиандыктардын уруу башчыларынын бири Зурдун кызы эле+. 16  Кийинчерээк Жахаба Мусага мындай деди: 17  «Мидиандыктарды жөн койбогула, аларды кыргыла+. 18  Анткени алар Пеордо силерди амалкөйлүк менен+ күнөөгө азгырып+, башыңарга мүшкүл түшүрүштү. Алар силерди мидиандыктардын башчысынын кызы аркылуу, Пеордо башыңарга мүшкүл түшкөн күнү+ өлтүрүлгөн+ Козби+ аркылуу, күнөөгө азгырышты».

Шилтемелер

Же: «жыныстык мүчөсүнө».