Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сандар 2:1—34

2  Жахаба Муса менен Арунга мындай деди:  «Ысрайыл уулдарынын ар бири чатырын өзүнүн үч уруудан турган тобу+ жайгашкан жерге, өз тукумунун белгиси турган жерге тиксин. Алар чатырларын жыйын чатырын айландыра тигишсин.  Анын күн чыгыш тарабында Жүйүт уруусу башчылык кылган үч уруудан турган аскер тобу жайгашсын. Жүйүт уруусунун башчысы — Аминадаптын уулу Нахшон+.  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 74 600 киши+.  Алардын жанына Исахар+ уруусунун кошууну жайгашсын. Исахар уруусунун башчысы — Зуардын уулу Нетанел+.  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 54 400 киши+.  Алардын жанына Забулун уруусунун кошууну жайгашсын. Забулун уруусунун башчысы — Хелондун уулу Элиап+.  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 57 400 киши+.  Жүйүт уруусу жетектеген кошуундагы каттоодон өткөн аскерлердин жалпы саны — 186 400 киши. Алар биринчи болуп жолго чыгышсын+. 10  Түштүк тарабында Рубейин уруусу+ башчылык кылган үч уруудан турган аскер тобу жайгашсын. Рубейин уруусунун башчысы — Шедурдун уулу Элисур+. 11  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 46 500 киши+. 12  Алардын жанына Шымон уруусунун кошууну жайгашсын. Шымон уруусунун башчысы — Зуришадайдын уулу Шелумиел+. 13  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 59 300 киши+. 14  Алардын жанына Гат уруусунун кошууну жайгашсын. Гат уруусунун башчысы — Ребулдун уулу Элиасап+. 15  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 45 650 киши+. 16  Рубейин уруусу жетектеген кошуундагы каттоодон өткөн аскерлердин жалпы саны — 151 450 киши. Алар экинчи болуп жолго чыгышсын+. 17  Жыйын чатырын+ көчүрүш керек болгондо лебилер+ башка кошуундардын ортосунда болсун. Уруулар конушта кандай жайгашса, жолго ошондой чыгышсын+. Ар бири өзүнүн ордунда болуп, үч уруудан турган тобу менен чыксын. 18  Батыш тарабында Эпрайым+ уруусу башчылык кылган үч уруудан турган аскер тобу жайгашсын. Эпрайым уруусунун башчысы — Амиюттун уулу Элишама+. 19  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 40 500 киши+. 20  Алардын жанына Менаше+ уруусунун кошууну жайгашсын. Менаше уруусунун башчысы — Педатсур уулу Гамалиел+. 21  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 32 200 киши+. 22  Алардын жанына Бенжемин+ уруусунун кошууну жайгашсын. Бенжемин уруусунун башчысы — Гидонинин уулу Абидан+. 23  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 35 400 киши+. 24  Эпрайым уруусу жетектеген кошуундагы каттоодон өткөн аскерлердин жалпы саны — 108 100 киши. Алар үчүнчү болуп жолго чыгышсын+. 25  Түндүк тарабында Дан уруусу башчылык кылган үч уруудан турган аскер тобу жайгашсын. Дан уруусунун башчысы — Амишадайдын уулу Ахиезер+. 26  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 62 700 киши+. 27  Алардын жанына Ашыр уруусунун кошууну жайгашсын. Ашыр уруусунун башчысы — Охрандын уулу Пагиел+. 28  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 41 500 киши+. 29  Алардын жанына Напталы+ уруусунун кошууну жайгашсын. Напталы уруусунун башчысы — Энандын уулу Акира+. 30  Анын каттоодон өткөн аскерлеринин саны — 53 400 киши+. 31  Дан уруусу жетектеген кошуундагы каттоодон өткөн аскерлердин жалпы саны — 157 600 киши. Алар үч уруудан турган топтордун арасынан акыркы болуп жолго чыгышсын»+. 32  Булар — Ысрайыл уулдарынын арасынан тукуму боюнча каттоодон өткөндөр. Бардык кошуундарды чогуу эсептегенде, өзүнүн аскердик тобу боюнча катталгандардын жалпы саны 603 550 киши болду+. 33  Лебилер, Жахаба Мусага буйругандай, Ысрайыл уулдары менен бирге каттоодон өтүшкөн жок+. 34  Ысрайыл уулдары бардыгын Жахаба Мусага айткандай кылышты+. Алар үч уруудан турган топторго+ бөлүнүп жайгашышты, көчкөндө да ушундай тартип менен+, ар бири өзүнүн уруусу, тукуму менен жол жүрүштү.

Шилтемелер