Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сандар 18:1—32

18  Жахаба Арунга мындай деди: «Сен, уулдарың, сени менен бирге укум-тукумдарың ыйык жайга каршы жасалган бардык күнөө үчүн жооп бересиңер+. Ошондой эле сен, сени менен бирге уулдарың дин кызматчылыгыңарга каршы жасалган бардык күнөө үчүн жооп бересиңер+.  Өзүң менен кошо Леби уруусундагы, атаңдын уруусундагы, бир туугандарыңды алып кел. Алар сага кошулсун, келишим сандыгы турган чатырдын алдында+ сага, сени менен бирге уулдарыңа кызмат кылышсын+.  Алар сенин алдыңдагы, жыйын чатырындагы милдеттерин аткарышсын+, бирок өздөрү да, силер да өлүп калбашыңар үчүн+, ыйык жайга тиешелүү нерселер менен курмандык жайына жакындашпасын.  Алар сага кошулсун, жыйын чатырындагы иштерди кылып, ага байланышкан милдеттерин аткарышсын, башка эч ким силерге жакындабасын+.  Кудай мындан ары Ысрайыл уулдарына каарданбашы үчүн+, ыйык жерге+, курмандык жайына+ байланышкан милдеттериңерди аткаргыла.  Мен Ысрайыл уулдарынын ичинен силердин бир туугандарыңарды, лебилерди+, силерге белек катары+, жыйын чатырына байланышкан иштерди аткарышы үчүн Жахабага кызмат кылууга берилгендер катары, тандап алдым+.  Сен жана сени менен бирге уулдарың дин кызматчы катары курмандык жайына, көшөгөнүн ич жагында турган нерсеге байланышкан бардык милдеттериңерди кылдат аткаргыла+; силер өз кызматыңарды аткарышыңар керек+. Дин кызматчылык кызматыңарды мен силерге белек катары берем. Ыйык жайга силерден башка ким жакындаса, өлүм жазасына тартылсын»+.  Жахаба Арунга дагы мындай деди: «Мага алып келип жаткан тартууларга көзөмөл кылууну сага тапшырдым+. Ысрайыл уулдары алып келген ыйык нерселердин баарын сага, уулдарыңа түбөлүккө үлүш катары берем+.  Өрттөлүүчү тартуулардын абдан ыйык деп эсептелген бөлүгү сага таандык болот. Эл мага алып келген тартуулардын баары, алар менен кошо алынып келчү нан курмандыгы+, ошондой эле күнөө курмандыгы+, айып курмандыгы+ сен үчүн, сенин уулдарың үчүн абдан ыйык нерсе болот. 10  Аны ыйык жерде жешиң керек+. Аны эркектердин баары жесин+. Ал сен үчүн ыйык нерсе болушу керек+. 11  Ысрайыл уулдары алып келген курмандыктардын+ тартуу катары бөлүнүп коюлган бөлүгүн, алардын бардык чайпалтуу курмандыктарын+ сага, уулдарың менен кыздарыңа+ түбөлүккө берем. Аны үйүңдөгү таза кишинин баары жесе болот+. 12  Алар Жахабага алып келе турган биринчи түшүмдүн баарын: майдын, жаңы шараптын, эгиндин эң жакшысын сага берем+. 13  Алар Жахабага жеринин биринчи түшүмүнөн алып келишет, алар сеники болот+. Аны үйүңдөгү таза кишинин баары жесе болот. 14  Ысрайылдагы арналган нерсенин баары сеники болот+. 15  Алардын Жахабага алып келе турган тундарынын баары+: тун балдары да, малынын биринчи төлү да сеники болот. Бирок тун балдарды+, адал эмес малдын биринчи төлүн кун төлөп сатып алышың керек+. 16  Аны бир айдан жогоркулардын баасына жараша кун төлөп сатып алышың керек: ыйык жердин шекели менен эсептегенде, беш шекел беришиң керек+. Бир шекел жыйырма герага* барабар+. 17  Ал эми биринчи туулган эркек музоону, козуну, улакты кун төлөп сатып алба+, алар ыйык. Алардын канынан+ курмандык жайына чачып, майын болсо Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары өрттөшүң керек+. 18  Эти болсо сеники болот. Ал анын чайпалтуу курмандыгы катары алынып келген төшү, оң саны менен шыйрагы сыяктуу эле сеники болот+. 19  Ысрайыл уулдары Жахабага алып келе турган ыйык тартуулардын+ баарын сага, сени менен бирге уул-кыздарыңа түбөлүккө үлүш катары берем+. Бул — Жахаба менен сенин жана тукумдарыңдын ортосунда түзүлгөн туз келишими»+. 20  Жахаба Арунга мындай деди: «Ысрайыл жеринде сенин энчиң болбойт, алардын арасында үлүшүң болбойт+. Ысрайыл уулдарынын арасында сенин үлүшүң да, энчиң да менмин+. 21  Жыйын чатырына байланышкан кызматты аткарышканы үчүн Леби уулдарына Ысрайылдагы бардык нерсенин ондон бир бөлүгүн үлүшкө берем+. 22  Күнөөлүү болуп, өлүп калбашы үчүн Ысрайыл уулдары мындан ары жыйын чатырына жакындашпасын+. 23  Жыйын чатырына байланышкан кызматты лебилер аткарышат, алар элдин күнөөсү үчүн жооп беришет+. Ысрайыл уулдарынын арасында алардын энчиси болбойт+. Бул — силерге, укум-тукумдарыңарга түбөлүккө берилген көрсөтмө. 24  Ысрайыл уулдарынын Жахабага алып келе турган ондуктарын лебилерге үлүш катары берем. „Ысрайыл уулдарынын арасында алардын энчиси болбойт“,— деп мен ошон үчүн айткам»+. 25  Анан Жахаба Мусага мындай деди: 26  «Лебилерге мындай деп айт: „Ысрайыл уулдарынан мен силерге үлүш+ катары берген ондуктарды алып, анын ондон бир бөлүгүн тартуу катары Жахабага бергиле+. 27  Тартууга алып келген даныңар+, шарабыңар же майыңар өз кырманыңардан, жүзүм сыккычыңардан же май сыккычыңардан алып келген тартуудай эле эсептелет. 28  Ошентип, силер да Ысрайыл уулдарынан алган ондуктардын баарынан Жахабага тартуу алып келесиңер. Жахабага таандык ал тартууларды дин кызматчы Арунга бергиле. 29  Силерге алып келишкен тартуулардын баарынан, эң жакшыларынан+, ыйык нерсе катары Жахабага тартуу бересиңер“. 30  Анан аларга мындай де: „Алган тартууларыңардын эң жакшысын+ тартуу кылгандан кийин калганы силерге, лебилерге, таандык болот. Алар өз кырманыңардан алынган дан, жүзүм сыккычыңардан алынган шарап же май сыккычыңардан алынган май сыяктуу эле болот. 31  Аны өзүңөр да, үй-бүлөңөр да каалаган жериңерде жесеңер болот, анткени ал — жыйын чатырына байланышкан кызматыңардын акысы+. 32  Күнөөлүү болуп калбашыңар үчүн алардын эң жакшыларын тартуу кылгыла, өлүп калбашыңар үчүн Ысрайыл уулдарынын ыйык нерселерин арамдабагыла“»+.

Шилтемелер

Кара: 13-тирк.