Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Сандар 12:1—16

12  Муса Куш жеринен аял алгандыктан+, Мириям менен Арун аны жамандай баштады.  Алар: «Эмне, Жахаба Муса аркылуу эле сүйлөйт бекен? Ал биз аркылуу деле сүйлөп жатпайбы?» — деп жатышты+. Муну Жахаба укту+.  Муса жер бетинде жашаган адамдардын ичинен эң жумшак адам эле+.  Жахаба күтүлбөгөн жерден Мусага, Арунга жана Мириямга: «Үчөөңөр жыйын чатырына келгиле»,— деди. Алар келишти.  Жахаба булут мамынын ичинде түшүп келип+, чатырдын кире беришине туруп, Арун менен Мириямды чакырды. Алар алдыга чыгышты.  Ошондо аларга мындай деди: «Менин сөзүмө кулак салгыла. Араңардан Жахабанын пайгамбары чыкканда, мен ага өзүмдүн ким экенимди адатта аян аркылуу+ ачып берем, аны менен түш аркылуу+ сүйлөшөм.  Ал эми кулум Муса менен болгон мамилем башкача+. Мен ага бүт үйүмдү тапшыргам+.  Мен аны менен түздөн-түз+, табышмактатпай+, ачык сүйлөшөм, ал Жахабанын бейнесин көрүп турат+. Анан кантип силер кулум Муса жөнүндө жаман айткандан корккон жоксуңар?»+  Жахаба аларга каарданып, ал жерден кетти. 10  Булут чатырдан жогору көтөрүлдү. Ошондо Мириямды кардай аппак пес оорусу каптап калды+. Арун Мириямга бурулуп, аны пес оорусу каптап калганын көрдү+. 11  Анан ошол замат Мусага: «Мырзам, кечире көр! Акылсыздык+ менен кылган күнөөбүз үчүн бизди айыптай көрбө. 12  Эжебизди энесинин ичинен чыга электе эле денесинин жарымы чирип, өлүү төрөлгөн баладай кыла көрбө!» — деп жалбарды+. 13  Муса Жахабага: «Оо, Кудай! Мириямды айыктыра көр!» — деп жалынды+. 14  Жахаба Мусага: «Эгерде атасы анын бетине түкүрсө+, ал жети күн басынып жүрүшү керек эмеспи? Андыктан аны бөлүп койгула+, ал жети күн конуштун сыртында жашасын+, анан кайра келсин»,— деди+. 15  Ошентип, Мириям жети күн конуштун сыртында, обочо жашады+. Ал кайра келгиче, эл жолго чыккан жок. 16  Ошондон кийин эл Хазероттон+ чыгып, Паран чөлүнө+ барып, ошол жерге чатырларын тигишти.

Шилтемелер