Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Рут 3:1—18

3  Бир күнү Наами келини Рутка мындай деди: «Кызым, сага жакшы болушу үчүн, сага баш маана издесем кантет?+  Сен жумушчу кыздары менен бирге болгон Бууз бизге тууган болот эмеспи+. Ал бүгүн кечинде кырманда арпа сапырат+.  Андыктан жуунуп, май сүйкөнүп+, кийин да+, кырманга бар. Бирок ал ичип-жеп бүткүчө, көрүнбөй тур.  Ал эми уктаганы кеткенде, кайсы жерге барып жатарын билип ал. Анан барып, бут жагын ачып, жатып ал. Андан ары эмне кылышың керектигин ал өзү айтат».  Рут ага: «Мейли, айтканыңыздын баарын кылайын»,— деди.  Анан кырманга барып, кайненеси айткандын баарын кылды.  Бууз ичип-жеп, көңүлү көтөрүлгөндөн кийин+ үйүлгөн дандын жанына барып жатты. Анан Рут акырын келип, анын бут жагын ачып, жатып алды.  Түн ортосунда Бууз селт этип ойгонуп кетип, башын көтөрүп караса — бут жагында бир аял жатыптыр.  Бууз андан: «Сен кимсиң?» — деп сурады. Рут: «Мен күңүңүз Рутмун. Күңүңүздү канатыңызга калкалаңыз*, анткени сиздин бизди кун төлөп сатып алууга укугуңуз бар»,— деди+. 10  Ошондо Бууз мындай деди: «Жахаба сага батасын берсин+, кызым. Азыркы кылган ишиңден сенин мээримдүүлүгүң+ мурункудан да айкын көрүндү+, анткени сен бей-бечара же бай адамдардын арасынан жаш күйөө издеген жоксуң. 11  Андыктан коркпо, кызым. Сураганыңдын бардыгын жасайм+, себеби шаарымдагы* элдин баары сенин жакшы келин экениңди билет+. 12  Силерди кун төлөп сатып алганга укугум бар экени чын+, бирок менден да жакын тууганың бар+. 13  Бүгүн ушул жерде түнө. Эгер эртең ал сени кун төлөп сатып алса+, анда жакшы. Эгер сатып албаса, Жахаба тирүү*+, анда мен сатып алам. Таң атканча жата тур». 14  Рут анын бут жагында таң атканча жатып, жарык түшө электе турду. Бууз: «Кырманга аял келгенин эч ким билбесин»,— деди+. 15  Анан: «Үстүңдөгү сырт кийимиңди жайып, кармап тур»,— деди. Рут кармап турду. Бууз ага алты өлчөм* арпа салып берип, көтөртүп койду да, шаарга жөнөдү. 16  Рут кайненесине келгенде, ал: «Сенсиңби, кызым?*» — деп сурады. Рут ага Бууздун эмне кылганын бүт айтып берди. 17  Анан: «Ал мага: „Кайненеңе куру кол барба“— деп, алты өлчөм арпа берди»,— деди+. 18  Наами ага: «Мунун аягы эмне менен бүтөрүн билгиче күтө тур, кызым. Анткени ал киши бүгүн ишти аягына чыгармайын тынч албайт»,— деп айтты+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Күңүңүзгө этегиңизди жайыңыз».
Сөзмө-сөз: «дарбазадагы».
Бий 8:19дун шилтемесин кара.
Эгер алты сата болсо, болж. м-н 20 кг болгон. Себеби Рут, чамасы, ушунчаны гана башына коюп көтөрүп кете алмак.
Сөзмө-сөз: «Кимсиң, кызым?»